Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17–БӨЛҮМ

Бири-бирине окшобогон эгиздер

Бири-бирине окшобогон эгиздер

БУЛ балдар бири-бирине такыр окшобойт бекен? Алардын аттарын билесиңби? Мергенчилик кылганынын аты — Эйсап. Кой кайтарып жүргөн баланыкы болсо Жакып.

Эйсап менен Жакып — Ыскак менен Ребеканын эгиз балдары. Ыскак Эйсапты аябай жакшы көрчү, анткени ал мергенчилик кылып, үйгө тамак алып келип турчу. Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү, анткени ал жоош, момун бала эле.

Ал кезде эгиздердин чоңатасы, Ыбрайым, тирүү болчу. Жакып чоңатасынын Жахаба тууралуу айтып бергендерин укканды аябай жакшы көрсө керек. Ыбрайым 175 жашка чыгып каза болот, ал кезде балдар 15те эле.

Эйсап 40 жашында канаандык эки кызга үйлөнөт. Буга Ыскак менен Ребека абдан капаланат, себеби келиндери Жахабага сыйынышчу эмес.

Күндөрдүн биринде Эйсап Жакыпка катуу кыжырлангандай окуя болот. Ыскак тун уулуна батасын бере турган убак келет. Жакыптан улуу болгондуктан Эйсап бата аларына үмүттөнгөн. Бирок ал бата алуу укугун мурун эле Жакыпка сатып жиберген болчу. Ошондой эле балдар төрөлгөндө, Кудай батаны Жакып аларын алдын ала айткан. Анан, чын эле, ошондой болот. Ыскак батасын Жакыпка берет.

Муну билгенде Эйсап Жакыпка аябай ачууланат. Ушунчалык кыжыры келгендиктен, атүгүл аны өлтүрөм дейт. Бул жөнүндө укканда Ребека абдан тынчсызданат. Анан Ыскакка: «Эгер Жакып Канаан кыздарына үйлөнсө, мен буга чыдай албайм»,— дейт.

Ыскак Жакыпты чакырат да: «Канаандык кыздардан аял алба. Харанга, таятаң Бетуелдин үйүнө барып, анын баласы Лабандын кыздарынын бирине үйлөн»,— деп айтат.

Жакып атасынын тилин алып, дароо эле алыскы Харандагы туугандарыныкына жөнөйт.