Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18–БӨЛҮМ

Жакып Харанга жол тартат

Жакып Харанга жол тартат

ЖАКЫПТЫН кимдер менен сүйлөшүп турганын билесиңби? Ал көп күн жол жүргөндөн кийин, кудуктун жанынан ушул адамдарга кезигет. Алар кой кайтарып жүрүшкөн. Жакып алардан: «Кайдан болосуңар?» — деп сурайт.

— Харанданбыз,— дешет алар.

— Лабанды билесиңерби? — деп сурайт Жакып.

— Билебиз. Мына, кызы Рахел койлорун айдап келатат,— дешет тигилер. Ары жакта келаткан Рахелди көрдүңбү?

Жакып таякеси Лабандын койлорун айдап келаткан Рахелди көрүп, койлорду сугаруу үчүн кудуктун оозундагы ташты жылдырат. Анан Рахелди өөп, өзүнүн ким экенин айтат. Рахел аябай толкунданган бойдон үйүнө барып, атасы Лабанга болгон окуяны айтып берет.

Лабан Жакыптын анын үйүндө жашаарын билгенде аябай сүйүнөт. Жакып Рахелди аялдыкка берүүсүн сураганда, Лабан ого бетер кубанат. Бирок Лабан Жакыптан Рахел үчүн жети жыл талаасында иштеп беришин суранат. Жакып Рахелди аябай сүйгөндүктөн, макул болот. Бирок үйлөнүү тою болгондо эмне болгонун билесиңби?

Лабан Рахелдин ордуна улуу кызы Леяны аялдыкка берип коёт. Жакып Лабандыкында дагы жети жыл иштөөгө макул болгондо, Лабан ага Рахелди аялдыкка берет. Ал убакта Кудай эркектерге бир нече аял алууга жол берген. Бирок азыр эркектин бир гана аялы болушу керектигин Ыйык Китеп көрсөтүп турат.