Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19–БӨЛҮМ

Жакыптын чоң үйбүлөсү

Жакыптын чоң үйбүлөсү

БУЛ чоң үйбүлөнү карачы. Булар — Жакыптын 12 уулу. Анын кыздары да бар. Жакыптын канча баласынын атын билесиң? Кел анда, алардын айрымдары менен таанышалы.

Лея Рубейинди, Шымонду, Лебини жана Жүйүттү төрөйт. Рахел төрөбөгөнү үчүн аябай капаланат. Ошондуктан ал өзүнүн кызматчысы Биланы Жакыпка аялдыкка берет. Била Дан жана Напталы деген эки бала төрөйт. Лея да өзүнүн кызматчысы Зилпаны Жакыпка аялдыкка берет. Зилпа эки уул төрөйт, алардын аттары — Гат жана Ашыр. Лея андан кийин Исахар жана Забулун деген эки балалуу болот.

Акырында Рахел да эркек бала төрөйт. Анын атын Жусуп коёт. Кийинчерээк Жусуп жөнүндө көбүрөөк билебиз, себеби ал абдан белгилүү адам болот. Демек, Жакыптын 11 баласы ал Рахелдин атасы Лабандын үйүндө жашап жүргөндө төрөлөт.

Жакыптын кыздары да болгон, бирок Ыйык Китепте алардын бирөөнүн гана аты айтылат. Анын аты — Дина.

Жакып Лабандын үйүнөн чыгып, Канаанга жөнөй турган учур келет. Ошондуктан ал өзүнүн чоң үйбүлөсүн жана короо-короо коюн, үйүр-үйүр бодо малын чогултуп, узак жолго чыгат.

Алар Канаан жерине киргенден бир нече убакыт өткөндөн кийин, Рахел дагы бир эркек бала төрөйт. Бул жолдо болот. Рахел абдан кыйналып, төрөт учурунда өлүп калат. Бирок бала аман калат. Жакып анын атын Бенжемин коёт.

Жакыптын 12 уулунун атын жаттап алышыбыз керек, анткени ысрайыл эли ошолордон тараган. Чынында эле, ысрайылдын 12 уруусу Жакыптын 10 уулунун жана Жусуптун 2 уулунун аты менен аталган. Ыскак Жакыптын уулдары төрөлгөндөн кийин да узак өмүр сүргөн. Ал көп неберелүү болгонуна абдан кубанса керек. Эми анын небереси Дина менен эмне болгонун карап көрөлү.