Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20–БӨЛҮМ

Динанын жамандыкка кабылышы

Динанын жамандыкка кабылышы

ДИНАНЫН кимдикине конокко баратканын көрүп жатасыңбы? Ал канаандык кыздардыкына баратат. Анын мындай кылганы атасы Жакыпка жагабы? Бул суроого оңой жооп беришиң үчүн, Канаан жериндеги кыз-келиндер тууралуу Ыбрайым менен Ыскак кандай ойдо болгонун эстесең.

Ыбрайым баласы Ыскактын канаандык кыздарга үйлөнүшүн каалады беле? Жок. Ал эми Ыскак менен Ребека баласы Жакыптын канаандык кыздарга үйлөнүшүн каалашты беле? Жок, каалашкан эмес. Себебин билесиңби?

Анткени Канаанда жашагандар жалган кудайларга сыйынышчу. Алар күйөө же аял, же жакын дос болгудай жакшы адамдардан эмес эле. Ошондуктан Жакып кызынын канаандык кыздар менен дос болуп жүргөнүн жактырмак эмес экенине шектенбесек болот.

Акыр-аягы Дина жамандыкка кабылат. Сүрөттөн Динаны карап турган канаандык кишини көрдүңбү? Анын аты — Шекем. Бир жолу Дина конокко келгенде, Шекем аны кармап алып, өзү менен жатууга мажбурлайт. Бул — абдан жаман иш, анткени күйөөсү менен аялы гана чогуу жатышы керек. Шекемдин Динага жасаган жамандыгы көптөгөн кыйынчылыктарды алып келет.

Дина менен болгон окуяны укканда биртуугандары абдан ачууланышат. Айрыкча, Шымон менен Леби кылычтарын алып, биртуугандары менен шаарга күтүлбөгөн жерден кол салып, Шекемди жана ал шаардагы бардык эркектерди өлтүрүп салышат. Балдарынын ырайымсыз иши Жакыпты терең кайгыга салат.

Мунун баары эмнеден башталды? Динанын Кудайдын мыйзамдарына баш ийбеген адамдар менен дос болгонунан. Биз андай адамдар менен дос болууну каалабайбыз ээ?