Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22–БӨЛҮМ

Жусуп зынданга салынат

Жусуп зынданга салынат

ЖУСУПТУ Мисирге алып барышканда, ал 17 эле жашта болчу. Ал жерден аны Потипар деген кишиге сатып жиберишет. Потипар фараонго, Мисирдин падышасына, кызмат кылчу.

Жусуп кожоюнуна жан-дилден кызмат кылат. Ошондуктан бир нече убактан кийин Потипар аны өз үйүнө башчы кылып коёт. Анда Жусуп эмне себептен минтип зынданда отурат? Потипардын аялынын айынан.

Жусуп абдан келбеттүү болгондуктан, Потипардын аялы аны менен жатууну каалайт. Бирок Жусуп мындай кылуу туура эмес экенин билгендиктен баш тартат. Буга Потипардын аялы абдан ачууланып, күйөөсү келгенде, ага: «Бул карасанатай Жусуп мени менен жатканга аракет кылды»,— деп калп айтат. Потипар аялына ишенип, аябай ачууланат да, Жусупту зынданга салдырып салат.

Көп өтпөй зындан башчы Жусуптун жакшы адам экенин байкайт. Ошондуктан аны зынданда жаткандарга көз салуучу кылып дайындайт. Андан бир нече убакыт өткөндөн кийин фараон өзүнүн шарап сунуучусу менен нан сунуучусуна каарданып, аларды зынданга салдырып салат. Күндөрдүн биринде алардын экөө тең өзгөчө түш көрүшөт, бирок маанисин түшүнө алышпайт. Эртеси күнү Жусуп аларга: «Түшүңөрдү айтып көргүлөчү»,— дейт. Алар айтып бергенде, Жусуп Кудайдын жардамы менен түштөрдүн маанисин чечмелеп берет.

Шарап сунуучуга ал мындай дейт: «Үч күндөн кийин сени зындандан бошотушат, сен кайрадан фараондун шарап сунуучусу болосуң». Анан: «Боштондукка чыкканыңда мен жөнүндө фараонго айтып, бул жерден чыгышыма жардам бер»,— деп кошумчалайт. Нан сунуучуга болсо: «Үч күндөн кийин фараон башыңды алат»,— дейт.

Үч күндөн кийин баары Жусуп айткандай болуп чыгат. Нан сунуучунун башы алынат. Шарап сунуучу бошотулуп, кайрадан падышага кызмат кыла баштайт. Бирок ал Жусупту таптакыр унутуп коёт. Ал тууралуу фараонго айтпагандыктан, Жусуп зынданда кала берет.