Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23–БӨЛҮМ

Фараондун түштөрү

Фараондун түштөрү

АРАДАН эки жыл өтөт, Жусуп дагы эле зынданда жатат. Шарап сунуучу аны унутуп калган. Бир күнү фараон адаттан тыш эки түш көрүп, алардын маанисин билгиси келет. Анын уктап жатканын көрүп жатасыңбы? Таң атканда, фараон өзүнүн акылман адамдарын чакырып, аларга көргөн түштөрүн айтып берет. Бирок алар түштөрдү жоруй албай коюшат.

Ошондо шарап сунуучу Жусупту эстейт. Ал фараонго: «Мен зынданда отурганда, түш жоруй алган бир киши бар болчу»,— дейт. Фараон токтоосуз түрдө Жусупту зындандан алып келүүнү буйрат.

Фараон Жусупка түшүн айтып берет: «Мен жети семиз уй көрдүм. Анан омурткалары оркойгон жети арык уй көрдүм. Жети арык уй жети семиз уйду жеп салды.

Экинчи жолу көргөн түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты. Анан кургаган, чүрүшкөн жети баш буудайды көрдүм. Чүрүшкөн буудай баштары жети бадырайган буудай баштарын жей баштады».

Жусуп фараонго: «Эки түш тең бир эле нерсени билдирет. Жети семиз уй менен бадырайган, жакшынакай жети баш буудай жети жылды билдирет, ал эми жети арык уй менен чүрүшкөн жети баш буудай башка жети жылды билдирет. Мисир жеринде мол түшүмдүү жети жыл болот. Андан кийин жети жыл ачарчылык болот»,— дейт.

Анан: «Даанышман адам караштырып, берекелүү жети жыл ичинде мол түшүмдү жыйноого аны башчы кылып кой. Ошондо кийинки түшүм болбой турган жети жыл ичинде адамдарды ачарчылык баспайт»,— деп кошумчалайт.

Фараонго бул ой жагып калат. Ошондуктан ал Жусупту түшүм жыйноого жана сактоого башчы кылып дайындайт. Жусуп Мисирде фараондон кийинки эле беделдүү адам болуп калат.

Сегиз жыл өткөндөн кийин, ачарчылык башталганда, Жусуп бир нече киши келатканын көрөт. Алардын ким экенин билесиңби? Алар — Жусуптун 10 агасы! Канаанда тамак-аш калбай калгандыктан, Жакып аларды Мисирге жиберген. Жусуп биртуугандарын тааныйт, бирок алар аны таанышпайт. Эмне үчүн экенин билесиңби? Себеби Жусуп мурдагыдан чоңойгон, анын үстүнө, башкача да кийинип алган.

Жусуп бала чагында көргөн түшүн эстейт. Анда биртуугандары ага келип жүгүнүшкөн болчу. Ошо жөнүндө окуганыбыз эсиңдеби? Эми Жусуп аны Мисирге Кудай өзү жакшы ниет менен жибергенин түшүнөт. Ал азыр эмне кылат деп ойлойсуң? Кел, окуп көрөлү.