Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24–БӨЛҮМ

Жусуп биртуугандарын сынайт

Жусуп биртуугандарын сынайт

ЖУСУП 10 биртууганынын өзгөрүлгөнүн же дагы эле кара санатай, ташбоор боюнча калган-калбаганын билгиси келет. Ошондуктан аларга: «Силер чалгынчысыңар. Биздин өлкөнүн алсыз жерин билгени келдиңер»,— дейт.

«Жок, чалгынчы эмеспиз. Биз акниет адамдарбыз, баарыбыз биртууганбыз. Биз он эки болчубуз. Бирок бир инибиз жок, ал эми эң кичүүбүз атабыз менен үйдө калды»,— деп жооп кайтарышат тигилер.

Жусуп аларга ишенбегенсип коёт. Анан Шымон деген агасын зынданга салдырып, калгандарын азык-түлүк берип кетирип жиберет. Жусуп: «Эмки жолу келгениңерде эң кичүү иниңерди кошо ала келгиле»,— дейт.

Биртуугандар Канаанга үйүнө келип, эмне болгонун төкпөй-чачпай атасы Жакыпка айтып беришет. Ал аябай капаланат. «Жусубуман айрылдым, эми минтип Шымон да жок,— деп ыйлайт Жакып.— Кенже уулум Бенжеминди алып кетишиңерге жол бербейм». Бирок тамак-аш түгөнгөндө, үйбүлөгө азык-түлүк сатып келүү үчүн, Жакып аргасыздан Бенжеминди Мисирге алып барууга уруксат берет.

Жусуп биртуугандарынын келатканын көрөт. Иниси Бенжеминди көрүп абдан кубанат. Албетте, бул кадыр-барктуу адамдын Жусуп экенин алардын эч кимиси билбейт. Жусуп өзүнүн 10 биртууганын сыноо үчүн, бул жолу бир нерсе ойлоп табат.

Кызматчыларына бардык биртуугандарынын каптарын тамак-ашка толтурууну буюрат. Анан биртуугандарына билгизбей, Бенжеминдин кабына күмүш чөйчөгүн салдырып коёт. Алар узай электе, Жусуп артынан кызматчыларын жиберет. Кызматчылар аларды кууп жетип: «Эмне үчүн силер мырзабыздын күмүш чөйчөгүн уурдап кеттиңер?» — дешет.

«Биз анын чөйчөгүн алган жокпуз. Чөйчөк кимибизден табылса, ошол адам өлтүрүлсүн»,— дешет биртуугандар.

Ошентип, бул сүрөттөн көрүнүп тургандай, кызматчылар каптардын баарын тинтип, чөйчөктү Бенжеминдин кабынан таап алышат. Ошондо алар: «Баарыңар кете берсеңер болот, ал эми Бенжемин биз менен барат»,— дешет. Эми 10 биртууган эмне кылат?

Алардын баары Бенжемин менен кошо Жусуптун үйүнө кайра келишет. Жусуп биртуугандарына: «Баарыңар кете берсеңер болот, ал эми Бенжемин мага кул болсун»,— деп буюрат.

Ошондо Жүйүт: «Мен бул баласыз үйгө кайтып барсам, анда атам өлүп калат, анткени атам Бенжеминди жанындай көрөт. Кул болуп мен калайын, балага агалары менен кетүүгө уруксат бер»,— деп жалынып-жалбарат.

Жусуп биртуугандарынын өзгөрүлгөнүн көрөт. Алар эми кара санатай, ташбоор болбой калышкан. Кел анда, Жусуптун эмне кыларын карап көрөлү.