Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26–БӨЛҮМ

Аюб Кудайга болгон берилгендигин сактайт

Аюб Кудайга болгон берилгендигин сактайт

БУЛ адамга бооруң ооруп жатабы? Анын аты — Аюб, ал эми жанындагы — анын жубайы. Аялы ага эмне деп жатканын билесиңби? «Кудайга акарат келтир да, өл»,— дейт. Кел, анын эмне себептен антип айтканын жана эмне үчүн Аюб мынчалык катуу азап чегип жатканын билели.

Аюб Жахабага берилген, анын тилин алган адам болгон. Ал Канаандан анча алыс эмес Ус деген жерде жашаган. Жахаба Аюбду абдан жакшы көргөн, бирок аны жаман көргөн бирөө бар эле. Анын ким экенин билесиңби?

Шайтан Ибилис. Шайтан Жахабаны жаман көргөн каардуу периште экенин эстесең. Ал Адам менен Обону Кудайга тил албоого түрткөн, ошондуктан бардык адамдарды Жахабага тил алдырбай коё алам деп ойлогон. Ою ишке ашканбы? Жок. Буга чейин таанышкан көптөгөн ишенимдүү эркек-аялдар жөнүндө ойлонуп көрчү. Алардын аты эсиңдеби?

Жакып менен Жусуп Мисирде өлгөндөн кийин, жер жүзү боюнча Жахабага абдан берилген адам Аюб болгон. Жахаба Шайтандын адамдардын баарын буза албасын билишин каалаган. Ошондуктан ага: «Аюбду көрдүңбү? Анын мага болгон берилгендигине көңүл бурсаң»,— дейт.

«Сен ага батаңды бергендиктен, ал аябай бай. Ошондуктан сага берилгендигин сактап жатат. Бирок анда болгон байлыкты алсаң, ошондо ал сага акарат келтирет»,— деп каршы болот Шайтан.

Анда Жахаба мындай дейт: «Эмесе, анын байлыгын алып көр. Аюбга каалаган жамандыгыңдын баарын кыл. Ал мага акарат келтирет бекен, көрөбүз. Бирок аны өлтүрбө».

Шайтан алгач адамдарды Аюбдун уйлары менен төөлөрүн уурдоого жана койлорун кырууга түртөт. Анан катуу шамал аркылуу 10 баласын өлтүрөт да, өзүн катуу ооруга чалдыктырат. Аюб аябай кыйналат. Ошондуктан аялы: «Кудайга акарат келтир да, өл»,— деп айткан. Бирок Аюб анткен эмес. Булардан сырткары, аны менен дос болумуш болуп жүргөн үч киши келет да, сен буга чейин жашооңду туура эмес өткөргөнсүң дешет. Аюб ошондо да Кудайга болгон берилгендигинен жазбайт.

Жахаба буга абдан кубанып, сүрөттөн көрүп турганыңдай, акырында Аюбга батасын берген. Жахаба аны оорусунан айыктырган. Аюб дагы татынакай 10 балалуу болуп, уйлары, койлору жана төөлөрү мурункудан эки эсе көбөйгөн.

Аюбга окшоп, Жахабага берилгендигиңди дайыма сактайсыңбы? Анда Жахаба сага да батасын берет. Жер бети Эйден багындай бейишке айланганда, сен да түбөлүк жашай аласың.