Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27–БӨЛҮМ

Мисирди каардуу падыша башкарат

Мисирди каардуу падыша башкарат

БУЛ кишилер элди кыйнап иштетип жатышат. Тиги кишинин жумушчуну камчы менен сабап жатканын карачы! Бул жумушчулар Жакыптын үйбүлөсүнөн тараган. Ошондуктан аларды ысрайылдыктар деп аташат. Ал эми аларды иштетип жаткандар — мисирликтер. Ысрайылдыктар аларга кул болуп калышкан. Кандайча?

Жакыптын чоң үйбүлөсү Мисирде көп жылдар бою тынчтыкта жашайт. Аларга фараондон кийинки эле беделдүү адам Жусуп кам көрөт. Бирок кийин Жусуп өлөт. Мисирде жаңы фараон бийликке келет, ал ысрайылдыктарды жаман көргөн падыша болот.

Ошо каардуу фараон ысрайылдыктарды кул кылып, алардын үстүнөн каардуу, ташбоор башчыларды коёт. Ал башчылар ысрайылдыктарды фараонго шаар куруп, оор эмгектенүүгө мажбурлашат. Бирок буга карабастан ысрайылдыктар көбөйө берет. Бир нече убактан кийин мисирликтер ысрайылдыктар көбөйүп, аябай күчтүү болуп кетишет деп чочулай башташат.

Фараон эмне кылганын билесиңби? Ал ысрайылдык энелерге төрөт маалында жардам берген аялдарга: «Ар бир жаңы төрөлгөн эркек баланы өлтүрүшүңөр керек»,— деп буйрук берет. Бирок алар жакшы аялдар болгондуктан ымыркайларды өлтүрүшпөйт.

Ошондо фараон өз элине: «Ысрайылдыктардын ар бир жаңы төрөлгөн эркек баласын тартып алып, өлтүргүлө. Кыздарын гана тирүү калтыргыла»,— деп буйрат. Бул кандай гана ташбоордук менен айтылган буйрук эле! Кел эми, жаңы төрөлгөн бир эркек баланын кантип аман калганын билели.