Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28–БӨЛҮМ

Ымыркай Мусанын аман калышы

Ымыркай Мусанын аман калышы

АЯЛДЫН колун кармап ыйлап жаткан баланы карачы. Анын аты — Муса. Бул сулуу аялдын ким экенин билесиңби? Ал — Мисирдин падышасы болгон фараондун кызы.

Мусанын апасы баласын мисирликтер өлтүрүшүн каалабайт. Ошондуктан аны үч айга толгончо жашыруун багат. Бирок баласы табылып калышы мүмкүн экенин билгендиктен, аны аман алып калуу үчүн төмөнкүдөй кылат.

Ал суу кирбегидей кылып себет жасайт. Анан ага Мусаны салып, Нил дарыясынын жээгинде өскөн бийик камыштардын арасына коюп коёт. Мусанын эжеси Мириямга анча алыс эмес жерден баланын эмне болорун карап туруу тапшырылат.

Көп өтпөй фараондун кызы сууга түшкөнү Нил дарыясына келет. Ал бийик өскөн камыштардын арасынан себетти көрүп, өзүнүн кызматчы кыздарынын бирин чакырып: «Себетти алып келчи»,— дейт. Фараондун кызы себетти ачканда, татынакай ымыркайды көрөт! Ымыркай Мусанын ыйлап жатканын көрүп фараондун кызынын боору ачып кетет. Ал баланын өлтүрүлүшүн каалабайт.

Ушу маалда Мириям келет. Аны сүрөттөн көрсөң болот. Фараондун кызынан Мириям: «Баланы эмизе турган ысрайылдык аялды чакырып келейинби?» — деп сурайт.

«Чакырып келчи»,— дейт фараондун кызы.

Мириям чуркап барып, апасына бардыгын айтып берет. Мусанын апасы келгенде, фараондун кызы мындай дейт: «Бул баланы багып бер, акысын төлөп берем».

Ошентип, Мусаны өз энеси бага баштайт. Кийин Муса чоңойгондо, аны фараондун кызына алып барат, ал Мусаны асырап алат. Мына ошентип, Муса фараондун үйүндө чоңоёт.