Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29–БӨЛҮМ

Муса эмне үчүн качып кеткен?

Муса эмне үчүн качып кеткен?

КАРАЧЫ, Муса Мисирден качып баратат. Аны кууп бараткан кишилерди көрдүңбү? Алар Мусаны эмне үчүн өлтүргүсү келип жатканын билесиңби? Кел, анда бул тууралуу окуп көрөлү.

Муса фараондун, Мисирдин падышасынын, үйүндө чоңоёт. Ал абдан акылман, кадыр-барктуу адам болот. Муса өзүнүн мисирлик эмес экенин жана ата-энеси кулчулукта жүргөн ысрайылдыктар экенин билчү.

Кырк жашка чыкканда ал бир күнү өз элинин жашоосун көрүп келүүнү чечет. Мисирликтер аларга абдан жаман мамиле жасашчу. Муса бир мисирлик адамдын ысрайылдык кулду сабап жатканын көрөт. Ал эки жагын карап, эч ким жок экенин көрөт да, мисирлик адамды катуу уруп жиберет — тигил өлүп калат. Муса анын денесин кумга көөмп салат.

Эртеси ал элин көргөнү дагы барат. Муса аларга кулчулуктан бошонууга жардам бере алам деп ойлойт. Бирок ал жерден эки ысрайылдыктын урушуп жатканын көрүп, биртууганына жаман мамиле жасап жатканына: «Эмне үчүн биртууганыңды уруп жатасың?» — дейт.

Анда ал: «Ким сени бизге башчы же сот кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» — дейт.

Муса коркуп кетет. Ал мисирликти эмне кылганын элдин баары билип калганын түшүнөт. Аны фараон да угуп, Мусаны өлтүрүүгө кишилерин жиберет. Мына ошондуктан Муса Мисирден качып чыгат.

Ал Мисирден качып, алыскы Мидиан жерине келет. Ал жерден Итронун үйбүлөсүнө жолугат да, Сипор аттуу кызына үйлөнөт. Муса Итронун койлорун багып, Мидиан жеринде кырк жылдай жашап калат. Эми ал сексенде. Бир күнү ал Итронун койлорун кайтарып жүргөндө, анын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөн бир шумдуктуу окуя болот. Кийинки бетти ачсаң, ал эмне болгон окуя экенин билесиң.