Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30–БӨЛҮМ

Күйүп турган бадал

Күйүп турган бадал

МУСА койлоруна жайыт издеп отуруп, Хореп тоосуна келет. Ал жерден бир бадалдын жалбырттап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрөт!

«Шумдук,— деп ойлойт Муса,— жакыныраак барып, жакшылап карап көрөйүнчү». Ал жакындап баратканда, бадалдан: «Жакындаба! Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер — ыйык жер»,— деген үн чыгат. Ошол учурда периште аркылуу Кудай сүйлөгөн эле, ошондуктан Муса бетин жаап алат.

Анан Кудай: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм. Аларды куткарам, а сени элимди Мисирден алып чыгууга жиберем»,— дейт. Жахаба өз элин укмуштай кооз Канаан жерине алып бармак.

Бирок Муса: «Мен киммин? Мен бул тапшырманы кантип аткарам? Мейли, барайын, бирок алар: „Сени ким жиберди?“ — десе, эмне деп жооп берем?» — деп сурайт.

«Мени силерге Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы ЖАХАБА жиберди дейсиң»,— дейт Кудай. Анан: «Бул менин түбөлүктүү ысмым»,— деп кошумчалайт.

— Мени Сен жибергениңе алар ишенбесечи? — дейт Муса.

— Колуңдагы эмне? — деп сурайт Кудай.

— Таяк,— деп жооп берет Муса.

— Аны жерге ташта,— дейт Кудай. Муса аны жерге таштаганда, таяк жыланга айланат. Анан Жахаба башка керемет көрсөтөт. Ал: «Колуңду койнуңа сал»,— дейт Мусага. Муса колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу аппак кардай болуп калат! Анын колу пес деп аталган жаман оору менен ооругандай көрүнөт. Андан кийин Жахаба Мусага үчүнчү кереметти жасоого күч берип, мындай дейт: «Сен бул кереметтерди жасаганда, ысрайылдыктар сени Мен жибергениме ишенет».

Муса үйүнө келип Итрого: «Мен Мисирге барып, биртуугандарымды көрүп келейинчи»,— деп айтат. Ошентип, ал Итро менен коштошуп, Мисирге жөнөйт.