Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31–БӨЛҮМ

Муса менен Арун фараонго келишет

Муса менен Арун фараонго келишет

МИСИРГЕ кайра келгенде Муса биртууганы Арунга бардык кереметтер жөнүндө айтып берет. Ал экөө кереметтерди көрсөткөндө, ысрайыл эли Жахаба алар менен экенине ишенет.

Анан Муса менен Арун фараонго келип: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Менин элимди үч күнгө коё бер, чөлгө барып Мага сыйынсын“»,— дешет. Анда фараон: «Мен Жахабаны билбейм. Ысрайылды да коё бербейм»,— деп жооп берет.

Фараон элдин иштебей, Жахабага сыйынганы барууну каалап жатканына ачууланып, кулдарынын жумушун ого бетер көбөйтөт. Бул үчүн ысрайылдыктар Мусаны күнөөлөп киришет, ал аябай кайгырат. Бирок Жахаба аны сооротуп: «Мен фараонду Менин элимди коё бергидей кылам»,— дейт.

Муса менен Арун фараонго дагы келишет. Бул жолу алар керемет көрсөтүшөт. Арун таягын жерге таштаганда, таягы килейген жыланга айланат. Фараондун акылмандары да таяктарын жерге ташташат, алардын таяктары да жылан болуп калат. Бирок карасаң, Арундун жыланы тиги акылмандардын жыландарын жутуп жатат! Ошентсе да фараон ысрайылдыктарды дагы деле коё бербейт.

Эми Жахаба үчүн фараонго Өзүнүн ким экенин көрсөтүүгө убакыт келди. Жахабанын эмне кылганын билесиңби? Ал Мисирге он жаза жиберет, башкача айтканда, мисирликтерди он жолу чоң кырсык басат.

Бир нече жазадан кийин фараон Мусага киши жиберип: «Жазаны токтот, ысрайылдыктарды коё берем»,— деп айттырат. Бирок Жахаба жазаны токтоткондо, фараон кайра эле айнып кетет да, элди жибербей коёт. Акыр-аягы, онунчу жазадан кийин фараон ысрайылдыктарды коё берет.

Ал эмне болгон он жаза экенин билесиңби? Кел анда, кийинки бетти ачып, алар тууралуу билели.