Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32–БӨЛҮМ

Он жаза

Он жаза

СҮРӨТТӨРДҮ карачы! Ар биринде Жахабанын Мисирге жиберген жазасы көрсөтүлгөн. Биринчи сүрөттө Арун таягы менен Нил дарыясынын суусун чаап жатат. Ал чапканда, суу канга айланат. Балыктын баары кырылып, дарыя жаман жыттана баштайт.

Андан кийин Жахаба Нил дарыясынан курбакаларды чыгарат. Алар жердин баарына жайнап, мештин ичине, казан-аякка, төшөккө чейин кирип кетишет. Курбакалар өлгөндөн кийин, мисирликтер аларды чогултуп, үйүп салганда, ал жердин баары сасып кетет.

Анан Арун таягы менен топуракты чабат. Андан чыккан чаң чиркейлерге айланат. Чиркейлер — булар учуучу жана чагуучу майда жандыктар. Алар Мисирге жиберилген үчүнчү жаза болчу.

Мындан кийинки жазалар мисирликтерге гана зыян алып келген. Төртүнчү жаза мисирликтердин үйлөрүнө толгон көгөөн деп аталган чоң чымындар болот. Бешинчи жаза малга жиберилет. Мисирдеги уй, кой, эчки аттуунун баары кырылып калат.

Андан кийин Муса менен Арун күлдү кочуштап алып, абага сапырганда, адамдарга жана малга ириңдеген жаралар чыгат. Бул — алтынчы жаза.

Бул жазадан кийин Муса колун асманга көтөргөндө, Жахаба күн күркүрөтүп, катуу мөндүр жаадырат. Мындай алаамат Мисирде эч качан болгон эмес.

Сегизинчи жазада Мисир жерин сан жетпеген чегиртке басат. Мисирликтер өмүрүндө мындай түмөндөгөн чегирткелерди көргөн эмес эле. Чегирткелер мөндүрдөн калгандын баарын жеп кетет.

Тогузунчу жаза караңгылык болот. Мисир жерин үч күн бою көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап турат, бирок ысрайылдыктар жашаган жерде караңгы болгон эмес.

Акырында Кудай өз элине улактын же козунун канын эшиктеринин кашектерине чачыратууну буйрат. Анан Кудайдын периштеси бүт Мисирди кыдырып чыгат. Ал эшигинин кашегине кан чачыратылган үйдөгүлөрдүн эч кимисине тийбейт. Ал эми эшигинин кашегинде кан жок үйдү көргөндө анда жашаган адамдардын тунун жана малдын төлүн өлтүрөт. Бул онунчу жаза болгон.

Ушул акыркы жазадан кийин фараон ысрайылдыктарды кеткиле дейт. Кудайдын эли кетүүгө даяр болгондуктан, ошол эле түнү Мисирден чыгып кетет.

Чыгуу 7—12-бөлүмдөр.