Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33–БӨЛҮМ

Кызыл деңизден өтүү

Кызыл деңизден өтүү

БУЛ жерде эмне болуп жатканын карачы! Муса таягын Кызыл деңизди көздөй сунуп турат. Аны менен жээкте тургандар — ысрайыл эли. Алар аман калышты. Ал эми фараон жана анын аскери деңизге чөгүп баратат. Кел, алардын мындай жагдайга кантип туш болушканын көрөлү.

Мурунку аңгемеден окуганыбыздай, Кудай Мисирге онунчу жазаны жибергенден кийин, фараон ысрайылдыктарга кетүүнү буйрат. Мисирден 600000дей ысрайыл эркектери, көптөгөн аялдар менен балдар чыгат. Аларга Жахабага ишенип калган дагы башка көп адамдар кошулат. Алар кой-эчкилерин, уйларын кошо айдап чыгышат.

Ысрайыл эли чыгып баратып мисирликтерден кийимдерди жана алтын менен күмүштөн жасалган буюмдарды сурап алышат. Мисирликтер акыркы жазадан аябай коркуп калышкандыктан, ысрайылдыктар эмне сурабасын, баарын беришет.

Бир нече күндөн кийин ысрайыл эли Кызыл деңизге жетип, эс алат. Ал эми фараон жана анын кишилери: «Кулдарыбызды кетирбей эле койбой»,— деп өкүнө башташат.

Фараон оюн дагы өзгөртөт да, тез аранын ичинде согуш арабаларын чогултуп, аскерин даярдайт. Ал тандалган 600 арабаны, андан сырткары, Мисирдеги арабаларды кошуп алып ысрайылдыктарды кууп жөнөйт.

Фараонду жана анын артында келе жаткан аскерди көргөндө ысрайылдыктардын жүрөктөрү түшөт. Алар каякка качарын билбей калышат. Бир жагында Кызыл деңиз жатса, экинчи жагында мисирликтер кууп келаткан. Бирок Жахаба мисирликтер менен өз элинин ортосуна булут каптатып коёт. Алар ысрайылдыктарды көрбөгөндүктөн, кол сала албай калышат.

Жахаба Мусага таягын Кызыл деңизге сунууну айтат. Муса таягын сунганда, Жахаба чыгыштан катуу шамал соктурат. Ошондо деңиздин суулары бөлүнүп, эки жакка туруп калат.

Эми ысрайылдыктар деңиздин кургак түбү менен өтө башташат. Деңиздин аркы жээгине миллиондогон адамдар малдары менен кошо өтүшү үчүн бир нече саат керек болот. Акыры мисирликтерге ысрайылдыктар көрүнө баштайт. Алардын кулдары качып бараткан эле! Ошондуктан ысрайылдыктарды кууп, алар да деңизге киришет.

Мисирликтер кууп жөнөгөндө, Кудай алардын арабаларынын дөңгөлөктөрүн бошотуп коёт. Мисирликтер аябай коркуп кетип: «Жахаба ысрайылдыктар үчүн бизге каршы күрөшүп жатат. Качкыла!» — деп кыйкырышат. Бирок кеч болуп калат.

Сүрөттө Жахабанын Мусага таягын Кызыл деңизге кайра сунууну буйруган учуру көрсөтүлгөн. Муса сунганда, дубалдай болуп турган суулар өз ордуна келип, мисирликтерди арабалары менен кошо басып калат. Ысрайылдыктарды кууп келе жаткан аскерлер деңизге чөгүп өлөт. Бири да аман калбайт.

Кудайдын эли куткарылганы үчүн кандай гана кубанышат! Эркектер Жахабага ыраазы болуп: «Жахаба даңктуу жеңишке ээ болду. Атчандарды аттары менен деңизге чөктүрдү»,— деп ырдашат. Мусанын эжеси Мириям колуна дап алат жана анын аркасынан бүт аялдар да дап кагышат. Алар кубанганынан бийлеп, эркектерди коштоп: «Жахаба даңктуу жеңишке жетти. Аттарды жана атчандарды деңизге чөктүрдү»,— деп ырдашат.

Чыгуу 12—15-бөлүмдөр.