Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

34–БӨЛҮМ

Тамактын жаңы түрү

Тамактын жаңы түрү

БУЛ адамдардын эмне чогултуп жатканын билесиңби? Анын көрүнүшү кыроодой: өңү ак, өзү майда жана эшилме келет. Бирок бул кыроо эмес, жей турган нерсе.

Ысрайылдыктардын Мисирден чыкканына бир айдай болду. Алар азыр чөлдө жүрүшөт. Бул жерде жегенге жарактуу өсүмдүк аз болгондуктан, эл нааразы болуп, мындай дейт: «Жахаба бизди Мисирде эле кырып салса болмок. Жок дегенде, ал жактан каалаганыбызды жечү элек».

«Мен асмандан тамак жаадырам»,— дейт Жахаба. Ал айтканындай кылат. Эртеси күнү эртең менен ысрайылдыктар ак нерсени көрөт да, бири-биринен: «Бул эмне?» — деп сурашат.

Муса: «Бул — Жахаба силерге берген тамак»,— дейт. Ысрайылдыктар аны МАННА деп атап алышат. Анын даамы бал кошулган нанга окшош эле.

Муса элге: «Ар бириң канча жей алсаң, ошончо эле чогулткула»,— дейт. Эл күн сайын эртең менен манна чогултат. Күн жылыганда, жерде калган манна эрип кетет.

Муса: «Маннаны кийинки күнгө калтырбагыла»,— деп кошумчалайт. Бирок кээ бирөөлөр тил албай коюшат. Анан эмне болгонун билесиңби? Кийинки күнгө калып калган манна курттап, сасып кетет!

Жахаба маннаны жумасына бир жолу, башкача айтканда, алтынчы күнү эки эсе көп чогултуу керектигин айтат. Жахабанын айтканы боюнча, маннанын жарымын кийинки күнгө калтыруу керек эле, себеби жетинчи күнү манна жаачу эмес. Ал күнгө калтырылган манна курттачу да, сасычу да эмес. Бул — дагы бир керемет!

Ысрайылдыктар чөлдө жүргөн жылдары Жахаба аларды манна менен тамактандырат.