Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36–БӨЛҮМ

Алтын музоо

Алтын музоо

ОЙ, КАРАСАҢ! Бул адамдар эмне кылып жатышат? Алар музоого сыйынышууда! Эмне үчүн?

Муса тоодо көпкө кармалгандыктан, эл: «Мусанын эмне болгонун билбейбиз. Андыктан, келгиле, бизди ушул жерден алып чыга турган кудай жасайлы»,— дешет.

«Мейли,— дейт Мусанын биртууганы Арун.— Алтын сөйкөлөрүңөрдү кулагыңардан чыгарып, мага алып келгиле». Эл сөйкөлөрүн алып келгенде, Арун аларды эритип, алтын музоо жасайт. Ошондо ысрайылдыктар: «Бизди Мисир жеринен алып чыккан Кудай ушул!» — дешет. Анан алар чоң майрам уюштуруп, алтын музоого сыйынышат.

Жахаба муну көргөндө абдан каарданат. Ал Мусага: «Тезирээк тоодон түш. Эл чоң күнөөгө батты. Алар менин мыйзамдарымды унутуп, алтын музоого сыйынып жатышат»,— дейт.

Муса тоодон шашылыш түшүп келет да, элдин музоонун тегерегинде ырдап, бийлеп жатканын көрөт. Буга ушунчалык ачууланып, ал мыйзамдар жазылган эки жалпак ташты ыргытып жибергендиктен, алар талкаланып калат. Анан Муса алтын музоону алат да, эритип, андан калганын күкүм кылып салат.

Элдин бул кылган иши абдан жаман болчу. Ошон үчүн Муса бир нече эркекке кылычтарын колдоруна алууну буйрат жана: «Алтын музоого сыйынган жаман адамдарды өлтүргүлө»,— дейт. Ошондо алар 3000 кишини өлтүрүшөт. Бул окуя Жахабадан башка бир да кудайга, жалган кудайларга, сыйынбашыбыз керек экенин көрсөтүп турган жокпу?