Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37–БӨЛҮМ

Сыйынууга арналган чатыр

Сыйынууга арналган чатыр

СҮРӨТТӨ эмне тартылганын билесиңби? Бул — Жахабага сыйынууга арналган чатыр. Ал жыйын чатыры деп да аталат. Ысрайылдыктар аны Мисирден чыкканына бир жыл болгондо курушкан. Чатыр кимдин көрсөтмөсү боюнча жасалганын билесиңби?

Жахабанын көрсөтмөсү боюнча. Муса Синай тоосуна чыкканда, Жахаба ага чатырды кантип жасоо керектигине байланыштуу көрсөтмө берген. Кудайдын айтканы боюнча, чатыр бөлүктөргө оңой бөлүнгүдөй, башка жакка алып барып кайра тиксе болгудай кылып жасалган. Ошондуктан ысрайылдыктар чөлдө бир жерден экинчи жерге көчкөндө чатырды кошо ала жүрүшкөн.

Чатырдын төр жагындагы кичинекей бөлмөнү карасаң, ал жактан сандыкты көрөсүң. Ал — келишим сандыгы. Анын эки жагына алтындан жасалган эки периште (керуп) орнотулган. Муса мыйзам жазылган эки жалпак ташты талкалагандыктан, Кудай башка эки жалпак ташка Он осуятты кайра жазып берет. Ал таштар келишим сандыгында сакталчу. Анда манна салынган идиш да турчу. Манна эмне экени эсиңдеби?

Жахаба Мусанын биртууганы Арунду башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындайт. Ал ысрайылдыктарды Жахабага сыйынууда жетектейт. Анын балдары да ыйык кызмат кылуучулар.

Эми чатырдын чоң бөлмөсүн карасаң. Ал кичинекей бөлмөдөн эки эсе чоң. Андагы түтүн чыгып жаткан кутуну же сандыкты көрдүңбү? Ал — курмандык чалынуучу жай, ага ыйык кызмат кылуучу жыпар жыттуу зат деп аталган нерсени түтөтчү. Ал жерде жети шамчырагы бар шамана да турат. Үчүнчү буюм — үстөл. Анын үстүндө дайыма 12 нан турчу.

Жыйын чатырынын короосунда суу толтурулган чоң идиш бар эле. Аны ыйык кызмат кылуучулар жуунуу үчүн колдонушчу. Андан сырткары, короодо курмандык чалынуучу жайдын чоңу турчу. Анын үстүндө Жахабага арналып союлган мал өрттөлчү. Чатыр кошуундун дал ортосунда жайгашып, ысрайылдыктар болсо анын тегерегиндеги чатырларда жашашкан.