Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40–БӨЛҮМ

Муса асканы чабат

Муса асканы чабат

АЙЛАР жылга айланып, арадан 10, 20, 30, 39 жыл өтөт! Ысрайылдыктар дагы эле чөлдө жүрүшөт. Бирок ошончо убакыт бою Жахаба өз элине кам көрүп келет. Кудай аларды манна менен тамактандырат жана күндүз булут түрмөгү, түнкүсүн от түрмөгү менен жол көрсөтүп жүрөт. Ошончо жыл бою алардын кийимдери жыртылбайт, буттары да жоорубайт.

Мисирден чыккандан берки 40-жылдын биринчи айы башталат. Ысрайылдыктар кайрадан Кадеш жерине токтошот. Кырк жыл мурун ушул жерден 12 чалгынчы Канаан жерине жиберилген эле. Мусанын эжеси Мириям Кадеште көз жумат. Ошол жерде дагы бир жаман окуя болот.

Ысрайылдыктар суу таппай кыйналышат. Алар Мусага: «Мындан көрө өлгөнүбүз артык болчу. Бизди эмнеге Мисирден алып чыгып, эч нерсе өспөгөн жерге алып келдиң? Бул жерге эгин, анжыр, жүзүм жана анар өспөйт. Атүгүл ичерге суусу да жок»,— деп нааразы болушат.

Муса менен Арун жыйын чатырына тиленүү үчүн келгенде, Жахаба Мусага: «Элди чогулт. Анан баарынын көзүнчө бул аскага сүйлөгүлө. Ошондо адамдарга да, малга да жетишерлик суу чыгат»,— дейт.

Муса элди чогултуп, мындай дейт: «Кулак салгыла, Кудайга ишенбегендер! Арун экөөбүз ушул аскадан суу чыгарып берелиби?» Анан таягы менен асканы эки чапканда, шаркырап суу ага баштайт. Суу адамдар менен малдын бардыгына жетет.

Бирок Жахаба Муса менен Арунга каарданат. Эмне үчүн экенин билесиңби? Себеби алар биз аскадан суу чыгарабыз деп айтышкан. Бирок чынында сууну Жахаба чыгарган. Муса менен Арун чындыкты айтпаганы үчүн, Жахаба аларды жазалай турганын айтат. «Силер элди Канаан жерине алып барбайсыңар»,— дейт ал.

Көп өтпөй ысрайылдыктар Кадештен кетип, Ор тоосуна келишет. Ошол тоонун чокусунда Арун өлөт. Ал 123 жашта эле. Ысрайылдыктар абдан кайгырып, аны жоктоп 30 күн ыйлашат. Арундун уулу Элазар ысрайылдыктардын башкы ыйык кызмат кылуучусу болот.