Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41–БӨЛҮМ

Жез жылан

Жез жылан

МАМЫГА оролуп турган жылан чыныгы жыланга окшош бекен? Жок, окшош эмес. Ал жезден жасалган. Ысрайылдыктар жыланды карап аман калышы үчүн, Жахаба Мусага аны мамыга кадап коюуну буюрган. Ал эми жердегилер — чыныгы жыландар. Алар чаккан адамдар дароо ооруп калышууда. Булардын баары эмне үчүн болуп жатканын билесиңби?

Ысрайылдыктар Кудайга жана Мусага минтип наалышкан: «Бизди Мисирден чөлдө өлсүн деп алып чыктыңар беле? Бул жерде тамак-аш да, суу да жок. Маннаны мындан ары жей албайбыз».

Бирок манна даамдуу болгон. Жахаба аны керемет жолу менен берген. Ошондой жол менен суу да берген. Кудайдын мындай камкордугуна эл ыраазы болгон эмес. Ошондуктан Жахаба ысрайылдыктарды жазалоо үчүн уулуу жыландарды жиберет. Алар чаккандыктан, элдин көбү өлөт.

Анан эл Мусага келип: «Жахабага жана сага каршы чыгып күнөөгө баттык. Жахабадан жыландарды жок кылууну суранчы»,— деп жалбарышат.

Муса эл үчүн тиленет. Ага жооп иретинде Жахаба ушул жез жыланды жасоону буйрук кылат. Анан аны мамыга кадоо керектигин жана жылан чаккан адамдар жез жыланды карашы керектигин айтат. Кудай кандай айтса, Муса так ошондой кылат. Жылан чаккан адамдар жез жыланды карап айыгышат.

Мындан чоң сабак алсак болот. Бардыгыбыз жылан чаккан ысрайылдыктарга кандайдыр бир жагынан окшошпуз. Адамдардын баары өлүмгө дуушар болот. Тегеректи карасаң, адамдардын картайып, ооруп жана өлүмгө багынып жатканын көрөсүң. Себеби биринчи эркек менен аял, Адам ата менен Обо эне, Жахабаны четке кагышкан. Ал эми биз алардын балдарыбыз. Бирок Жахаба бизге түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

Ал Уулу Ыйса Машайакты жерге жиберген. Адамдар Ыйсаны мамыга кадап өлтүрүшкөн, себеби көптөр аны жаман адам деп эсептешкен. Бирок Жахаба Ыйсаны бизди куткаруу үчүн жөнөткөн. Эгерде биз аны карасак жана анын жолун жолдосок, түбөлүк өмүр алабыз. Бул тууралуу кийинчерээк көбүрөөк билебиз.