Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43–БӨЛҮМ

Жашыя жолбашчы болот

Жашыя жолбашчы болот

МУСА ысрайыл эли менен Канаан жерине киргиси келет. Ошондуктан ал: «Жахаба, мага Иордан дарыясынан өтүп, жакшы жерди көрүүгө уруксат берчи»,— деп суранат. Жахаба: «Жетишет! Бул жөнүндө экинчи айтпа»,— дейт. Жахабанын эмне үчүн минтип жооп бергенин билесиңби?

Буга Муса асканы таягы менен чапканда болгон окуя себеп эле. Ошол учурда Арун экөөнүн Жахабаны даңктабай койгонун эстесең. Алар ысрайылдыктарга аскадан сууну Жахаба чыгарарын айтышкан эмес. Ошондо Жахаба Мусага ысрайылдыктарды Канаан жерине ал алып кирбей турганын айткан.

Арундун өлгөнүнө бир нече ай болгондон кийин, Жахаба Мусага: «Жашыяны ыйык кызмат кылуучу Элазардын жана элдин алдына тургуз. Анан мындан ары Жашыя жолбашчы болорун бардыгына жарыяла»,— дейт. Сүрөттөн көрүп турганыңдай, Муса Жахаба айткандай кылат.

Анан Жахаба Жашыяга мындай дейт: «Кайраттуу бол, коркпо. Мен ысрайылдыктарга убада кылган Канаан жерине аларды сен алып барасың, мен сени менен болом».

Кийинчерээк Жахаба Мусага Маап жериндеги Ныбо тоосуна чыгууну буйрат. Муса ал тоонун чокусунан Иордан дарыясынын ары жагындагы эң сонун Канаан жерин көрөт. Жахаба: «Мен Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын балдарына берем деп убада кылган жер — ушул. Аны көрдүң, бирок ал жерге кирбейсиң»,— дейт.

Муса ошо Ныбо тоосунун чокусунда көз жумат. Ал 120 жашта болчу. Бирок дагы эле алдуу-күчтүү, көзү курч эле. Эл абдан кайгырып, Мусаны жоктоп ыйлайт. Ошол эле учурда, алардын жаңы жолбашчысы Жашыя болгонуна кубанышат.