Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45–БӨЛҮМ

Иордан дарыясынан өтүү

Иордан дарыясынан өтүү

КАРАЧЫ, ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтүп жатышат! Бирок суусу кана? Бир нече мүнөт мурун эле дарыянын суусу жээгинен ашып-ташып турган, анткени жылдын ушу мезгили жаан-чачындуу келет. Азыр болсо ал какшып, ысрайылдыктар, Кызыл деңизден өткөндөй, кургак жер менен өтүп жатышат! Суунун баары эмне болгон? Кел, окуп көрөлү.

Ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтө турган убакыт келгенде, Жахаба Жашыяга: «Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын алып, элдин алдында жүрүшү керек. Алар Иордан дарыясын кечери менен, суу токтойт»,— деп элге айтууну буйрат.

Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүп элдин алдында жөнөшөт. Алар Иорданга жетери менен сууну кечишет. Дарыя аябай ташкындап жаткан жана терең эле. Бирок алардын буту сууга тиер замат, суу тартыла баштайт. Бул керемет эле! Жахаба дарыянын башатын бөгөп коёт. Ошондуктан дарыя тез эле соолуп калат.

Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар какшыган дарыянын дал ортосуна токтошот. Аларды сүрөттөн көрүп жатасыңбы? Алар ошол жерде турганда, ысрайылдыктар Иордан дарыясынын кургак түбү менен өтүп кетишет.

Бардыгы өтүп бүткөндөн кийин, Жахаба Жашыяга 12 күчтүү эркекке мындай деп айт дейт: «Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар турган жерге баргыла. Ал жерден 12 таш алып, түнөөчү жерге койгула. Кийин балдарыңар бул таштар эмнени билдирет деп сураганда, Жахабанын келишим сандыгын Иордан аркылуу алып өткөндө дарыянын суусу соолуп калган деп жооп бересиңер. Бул таштар ошол кереметти эсиңерге салып турат!» Жашыя дарыянын ыйык кызмат кылуучулар турган жерине да 12 таш коёт.

Акырында Жашыя келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучуларга: «Иордандан чыккыла»,— дейт. Алар чыгары менен, дарыя мурдагыдай эле ага баштайт.