Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46–БӨЛҮМ

Жерихонун дубалдары

Жерихонун дубалдары

ЖЕРИХОНУН дубалдары эмне себептен кулап жатат? Алар чоң бомба түшкөндөй болуп кулоодо. Бирок ал убакта бомба болгон эмес, атүгүл мылтык да жок болчу. Бул Жахабанын дагы бир керемети эле! Кел, кандайча мындай болгонун билели.

Жахабанын Жашыяга эмне деп айтып жатканын угуп көрөлү: «Жоокерлер менен шаарды айланып чык. Күнүнө бир жолудан алты күн айлангыла. Келишим сандыгын кошо ала жүргүлө. Жети ыйык кызмат кылуучу сандыктын алдында сурнайларын тартып жүрсүн.

Жетинчи күнү шаарды жети жолу айланып чыгышыңар керек. Андан кийин сурнайларды тарткыла жана элдин бардыгы ураан чакырсын. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урайт!»

Жашыя менен эл Жахаба айткандай кылышат. Шаарды айланып басып жүргөндө эч кимиси унчукпайт. Ооздорунан бир да сөз чыкпайт. Сурнайдын үнү жана алардын басканы гана угулат. Кудайдын элинин Жериходогу душмандарынын үрөйлөрү учса керек. Терезеде байланып турган кызыл арканды көрдүңбү? Бул кимдин терезеси? Рахаптын. Ал эки чалгынчынын айтканын аткарат. Рахап үйбүлөсү менен сыртта болуп жаткандардын баарын көрүп турат.

Акыры, жетинчи күнү жоокерлер шаарды жети жолу айланып, сурнайларын тартып, кыйкырышканда, дубалдар урайт. Ошондо Жашыя: «Шаардагылардын баарын өлтүргүлө, шаарды өрттөгүлө. Бардыгын өрттөгүлө. Алтын, күмүш, жез жана темирди калтырып, аларды Жахабанын чатырынын казынасына бергиле»,— деп буйрук берет.

Эки чалгынчыга болсо Жашыя: «Рахаптын үйүнө кирип, аны үйбүлөсү менен алып келгиле»,— дейт. Чалгынчылар убада кылгандай, Рахап жана анын үйбүлөсү аман калат.