Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

47–БӨЛҮМ

Ысрайылдагы ууру

Ысрайылдагы ууру

БУЛ киши чатырынын ичине эмнени катып жатат? Жакшынакай кийимди, уютулган алтынды жана бир нече күмүш дилдени. Ал буларды Жерихо шаарынан алган. Бирок Жериходогу буюмдарды эмне кылыш керек эле, эсиңдеби?

Алтын менен күмүштү Жахабанын жыйын чатырынын казынасына берип, калган нерселердин баарын өрттөп салыш керек болчу. Демек, бул сүрөттөгү адамдар Кудайдын тилин албай коюшкан. Алар Кудайга таандык нерсени уурдап алышкан. Бул кишинин аты — Ахан, ал эми жанындагылар — анын үйбүлөсү. Кел, андан ары эмне болгонун көрөлү.

Ахан буларды уурдап алгандан кийин, Жашыя бир топ кишисин Ай шаарынын тургундары менен согушууга жиберет. Бирок алар жеңилип калышат. Бир нечеси өлүп, аман калгандары качып келишет. Жашыя абдан кайгырып, жерге көмкөрөсүнөн түшүп, Жахабага: «Мындай болушуна эмне үчүн жол бердиң?» — деп кайрылат.

Жахаба: «Тур! Ысрайыл күнөө кылды. Өрттөп жок кылынчу жана Менин жыйын чатырыма тиешелүү нерселерди алышты. Жакшынакай кийимди уурдап, катып коюшту. Ал буюмдарды жана уурдаган кишини жок кылбасаңар, батамды бербейм»,— деп жооп берет. Жахаба Жашыяга уурунун ким экенин көрсөтүп берерин убада кылат.

Жашыя элдин баарын чогултат, анан Жахаба жаман кишини, Аханды, көрсөтөт. Ахан: «Мен күнөө кылдым. Жакшынакай кийим, уютулган алтын жана күмүш дилде көрдүм. Анан аларды алгым келип, алып алдым. Аларды чатырыма катып койгом»,— дейт.

Буюмдар табылып, Жашыяга алынып келгенде, ал Аханга: «Эмнеге биздин башыбызга мүшкүл түшүрдүң? Ошон үчүн Жахаба өзүңдүн башыңа кайгы салат!» — дейт. Ушул сөздөрдөн кийин бүт эл Аханды үйбүлөсү менен ташбараңга алып өлтүрөт. Бул окуя башкалардын буюмун алуу туура эмес экенин көрсөтүп турган жокпу?

Ушундан кийин ысрайылдыктар Ай менен согушууга дагы барат. Бул жолу Жахаба жардам бергендиктен, алар жеңишке ээ болушат.