Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48–БӨЛҮМ

Акылдуу гибондуктар

Акылдуу гибондуктар

КАНААНДАГЫ шаарлардын көбү ысрайылдыктар менен согушууга даярданууда. Алар жеңебиз деген үмүттө. Бирок жакын жердеги Гибон шаарынын тургундары антип ойлошпойт. Алар ысрайылдыктарга Кудай жардам берип жатканына ишенишет, ошондуктан Ага каршы чыгууну каалашпайт. Алардын эмне кылганын билесиңби?

Гибондуктар алыскы бир өлкөнүн тургундары сыяктуу болуп көрүнүүнү чечишет. Айрымдары жыртык кийимдерди, буттарына тытылган сандал кийип алышат. Эшектерине эски мүшөктөрдү артып, каткан нан салып алышат. Анан Жашыяга келип: «Биз абдан алыс жерден келдик, себеби силердин улуу Кудайыңар Жахаба жөнүндө уктук. Анын Мисирде силер үчүн кылган иштерин уктук. Ошондуктан башчыларыбыз жолго анча-мынча тамак алгыла да, барып мындай дегиле дешти: „Биз силердин кулуңарбыз. Биз менен согушпайбыз деп убада бергиле“. Карагылачы, узак жол жүргөндүктөн кийимибиз жыртылып, нандарыбыз эскирип, катып калды»,— дешет.

Жашыя жана башка башчылар гибондуктардын сөзүнө ишенишет. Ошондуктан аларга каршы согушпайбыз деп убада беришет. Бирок үч күндөн кийин алар гибондуктардын жакын эле жерде жашай турганын билишет.

— Эмне үчүн алыс жерден келдик дедиңер? — деп сурайт Жашыя.

— Силердин Кудайыңар Жахаба Канаан жеринин баарын силерге берем деп убада кылганын уктук. Ошондуктан бизди да өлтүрүп саласыңар деп корктук,— деп жооп беришет алар. Ысрайылдыктар сөзүнө туруп, гибондуктарды өлтүрүшпөйт. Аларды өздөрүнө кызматчы кылып алышат.

Иерусалимдин падышасы гибондуктардын ысрайыл эли менен келишим түзгөнүнө аябай ачууланат. Ошондуктан ал башка төрт падышага кайрылып: «Келип, мага гибондуктар менен согушууга жардамдашкыла»,— дейт. Ошентип, беш падыша гибондуктарга каршы согушууга жөнөйт. Ысрайыл эли менен келишим түзүү ушундай согушка алып келген болсо, анда гибондуктардын кылганы акылдуулук болгонбу? Кел, ошол тууралуу билели.