Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49–БӨЛҮМ

Күн токтойт

Күн токтойт

ЖАШЫЯНЫ карасаң. Ал: «Күн токто!» — деп айтып жатат. Күн токтойт. Ал эртеден кечке жылбай, асмандын ортосунда тура берет. Муну Жахаба кылган! Бирок Жашыяга жарыктын эмне үчүн керек болгонун билели.

Канаан жериндеги беш жаман падыша гибондуктарга каршы согушка чыкканда, алар жардам сурап Жашыяга киши жиберишет. «Тезирээк келгиле! — дейт чабарман.— Бизди сактап калгыла! Тоолуу өлкөнүн падышалары силердин кулдарыңар менен согушууга келди».

Жашыя жоокерлери менен ошол замат жолго чыгат. Түнү бою жол жүрүп Гибонго келишкенде, беш падышанын аскерлери алардан коркуп, кача баштайт. Жахаба асмандан таш жаадырат, ошондо ысрайылдыктар өлтүргөнгө караганда таштан көбүрөөк адам өлөт.

Жашыя күндүн батарына аз калганын көрөт. Эгерде караңгы кирсе, душмандар качып кетет. Ошондуктан ал Жахабага тиленет да, анан: «Күн токто!» — деп айтат. Натыйжада күн токтоп тургандыктан, ысрайылдыктар душманын аягына чейин жеңет.

Канаанда Кудайдын элин жек көргөн дагы көп падышалар бар. Ал жердеги 31 падышаны Жашыя жана анын аскерлери алты жылдай убакыттын ичинде жок кылат. Андан кийин Жашыя жери жок урууларга Канаандан жер бөлүштүрүп берет.

Арадан көп жылдар өтүп, Жашыя 110 жашка чыгып өлөт. Ал жана анын достору тирүү кезде, эл Жахабага баш иет. Ал эми бул жакшы адамдар өлгөндөн кийин, эл жаман иштерди кыла баштайт да, кыйынчылыктарга дуушар болот. Ошондо алар Кудайдын жардамына чындап муктаж болушат.