Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

52–БӨЛҮМ

Гидон жана анын 300 жоокери

Гидон жана анын 300 жоокери

КАРАСАҢ, бул сүрөттөгү адамдар эмне кылып жатышат? Булардын баары — ысрайыл элинин жоокерлери. Алар эңкейип, суу ичип жатышат. Жанында турган адам — башкаруучу Гидон. Ал жоокерлеринин сууну кантип ичип жатканын байкап турат.

Ар кимдин ар кандайча ичип жатканына көңүл бурсаң. Кээ бирлери тизелеп алып ичип жатат. Ал эми айрымдары айланада эмне болуп жатканын байкоо үчүн сууну кочуштап ичүүдө. Алардын сууну кантип ичишери маанилүү, анткени Жахаба Гидонго суу ичип жатканда айлананы байкап тургандарды гана тандоону буйруган болчу. Калгандарын болсо үйлөрүнө жөнөтүү керек эле. Кел анда, мунун себебин билели.

Жахабанын тилин албай койгондуктан ысрайыл эли кайрадан кырсыкка кабылат. Мидиандыктар аларды кысымга алып, кордук көрсөтүшөт. Ошондуктан ысрайыл эли Жахабадан жалбарып жардам сурайт жана Жахаба аларды угат.

Жахаба Гидонго аскер топтоону буйрат. Гидон 32000 жоокер чогултат. Бирок ысрайылдыктарга каршы чыккан аскердин саны 135000 адам эле. Ага карабастан Жахаба Гидонго: «Сени менен келген эл өтө көп»,— дейт. Ал эмне үчүн ушинтип айткан?

Себеби ысрайылдыктар согушта жеңсе, алар биз өз күчүбүз менен жеңдик жана бул үчүн Жахабанын жардамынын кереги тийген деле жок деп ойлошу мүмкүн эле. Ошон үчүн Жахаба Гидонго: «Ким коркок болсо, үйүнө бара берсин»,— деп элге айтууну буйрат. Гидон муну элге айтканда, 22000 киши үйүнө кетет. Душмандын 135000 жоокерине каршы чыгууга 10000 эле адам калат.

Бирок Жахаба: «Дагы эле киши көп»,— деп айтат. Ал Гидонго элди сууга алып барууну жана тизелеп алып ичкендерин үйлөрүнө жиберүүнү буйрат. «Суу ичип жатканда айлананы байкап турган 300 киши менен сени жеңишке жеткирем»,— деп Жахаба убада берет.

Согушууга убакыт келип жеткенде, Гидон 300 жоокерин үч топко бөлөт. Ар бирине сурнай жана ичинде шамы бар кумура берет. Түн ортосунда алар душмандар турган жерди курчоого алышат. Анан бардыгы бир учурда сурнайларын тартып, кумураларын талкалап: «Жахаба менен Гидондун кылычы!» — деп кыйкырышат. Душмандар ойгонуп, эмне кыларын билбей, үрөйлөрү учат. Анан баары кача баштайт, натыйжада ысрайылдыктар жеңишке ээ болот.