Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

53–БӨЛҮМ

Иптахтын убадасы

Иптахтын убадасы

УБАДА бергенден кийин аны аткаруу кыйынга турган учурларың болду беле? Бул сүрөттөгү адам дал ошондой жагдайга туш болду, ошондуктан аябай кайгырып турат. Ал — Ысрайылдын эржүрөк башкаруучусу Иптах.

Иптах жашаган убакта ысрайылдыктар Жахабага сыйынбай, кайрадан жаман иштерди кыла баштаган эле. Андыктан Жахаба амондуктардын аларды кысымга алышына жол берген. Ошондо ысрайылдыктар Жахабага: «Биз сага каршы дагы күнөө кылдык. Суранабыз, бизди куткарчы!» — деп жалбарышат.

Эл жаман иштери үчүн өкүнөт. Муну алар Жахабага кайрадан сыйына баштаганы менен көрсөтүшөт. Натыйжада Жахаба аларга жардамга келет.

Амондуктар менен согушууга эл Иптахты тандайт. Ал Жахабанын согушта жардам беришин абдан каалагандыктан ага: «Эгерде амондуктарды жеңүүгө жардам берсең, мен жеңиш менен келгенде, үйүмдөн мени ким биринчи тосуп чыкса, ошол адамды сага берем»,— деп убада кылат.

Жахаба анын убадасын угат да, ага жардам берет. Иптах согуштан үйүнө кайтып келгенде, аны биринчи ким тосуп чыкканын билесиңби? Өзүнүн жалгыз кызы. «Аттиң ай, кызым! — деп ыйлайт Иптах.— Сен мени азапка салбадыңбы. Мен Жахабага убада бергем, аны аткарбай коё албайм».

Атасынын кандай убада бергенин укканда адегенде кызы да кайгырат. Себеби атасын, досторун калтырышы керек болот. Анткен менен эми ал өмүр бою Жахабанын Шилодогу жыйын чатырында кызмат кылат. Ошондуктан кызы атасына: «Эгерде Жахабага убада берген болсоң, убадаңа турушуң керек»,— дейт.

Ошентип, Иптахтын кызы Шилого барат да, калган өмүрүн Жахабанын жыйын чатырында кызмат кылуу менен өткөрөт. Ысрайылдык аялдар жыл сайын ал кызга барып, төрт күн чогуу кубаныч менен убакыт өткөрүшчү. Ысрайыл эли Иптахтын кызын жакшы көрөт, себеби ал Жахабага чын жүрөгүнөн кызмат кылат.