Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

55–БӨЛҮМ

Кичинекей бала Кудайга кызмат кылат

Кичинекей бала Кудайга кызмат кылат

СҮРӨТТӨГҮ бала жакшынакай бекен? Анын аты — Шемуел. Ал эми аны башынан сылап жаткан киши — ысрайылдын башкы ыйык кызмат кылуучусу Эйли. Ага баланы атасы Элкана менен апасы Анна алып келди.

Шемуел, болгону, төрт же беш жашта. Ошентсе да эми ал Эйли жана башка ыйык кызмат кылуучулар менен Жахабанын жыйын чатырында жашайт. Эмне үчүн Элкана менен Анна кичинекей Шемуелди Жахабанын жыйын чатырында кызмат кылууга алып келишти? Кел, билели.

Мындан бир нече жыл мурун Анна кайгыга батып жүргөн. Себеби ал балалуу болууну абдан каалачу, бирок баласы жок эле. Күндөрдүн биринде Анна Жахабанын жыйын чатырына келип: «Жахаба, мени эсиңе ала көр! Эгер мага уул берсең, өмүр бою сага кызмат кылышы үчүн, аны сага берем»,— деп тиленет.

Жахаба анын тиленүүсүн уккандыктан, бир нече айдан кийин Шемуел төрөлөт. Анна баласын абдан жакшы көрөт жана ымыркай кезинен эле ага Жахаба тууралуу айтып бере баштайт. Ал күйөөсүнө мындай дейт: «Шемуел чоңоюп, эмчектен чыгар замат, мен аны, Жахабага кызмат кылышы үчүн, жыйын чатырына алып барам».

Сүрөттө Элкана менен Анна Шемуелди жыйын чатырына алып келген учур көрсөтүлгөн. Ата-энеси жакшы тарбия бергендиктен, Шемуел ал жерде кызмат кыларына абдан кубанат. Анна менен Элкана Кудайга сыйынуу жана баласына жолугуу үчүн жыл сайын келип турушат. Апасы дайыма Шемуелге жеңи кыска жаңы кийим ала келет.

Арадан жылдар өтөт. Шемуел Жахабанын жыйын чатырында кызмат кылып жүрөт. Аны Жахаба да, эл да аябай жакшы көрөт. Ал эми башкы ыйык кызмат кылуучу Эйлинин балдары Копни менен Пинехас жаман болчу. Алар көптөгөн туура эмес иштерди кылып, башкалардын да Жахабага баш ийбей калганына күнөөлүү болушат. Эйли аларды ыйык кызмат кылуучулуктан бошотушу керек эле, бирок антпейт.

Жыйын чатырында жасалган жаман иштерге карабай Шемуел Кудайга кызмат кыла берет. Бирок Жахаба көп убакыттан бери адамдар менен сүйлөшө элек болчу. Себеби аны чындап сүйгөн адамдар аз болгон. Шемуел чоңоюп калганда, бир окуя болот.

Жыйын чатырында уктабатканда ал бир үндү угуп ойгонуп кетет. «Мен мындамын,— деп жооп берет да, Эйлиге чуркап барып,— сен мени чакырдың, мына мен»,— дейт.

Бирок Эйли: «Мен чакырган жокмун, кайра барып жата бер»,— деп жооп берет. Шемуел кетет.

«Шемуел!» деген үн экинчи жолу угулат. Ал дагы Эйлиге чуркап барат. «Мен мына, сен мени чакырдыңбы?» — дейт ал. Бирок Эйли: «Уулум, мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат»,— дейт. Шемуел кайра ордуна барат.

«Шемуел!» деген үн үчүнчү жолу угулат. Ал кайра Эйлиге чуркап барат. «Мына мен, бул жолкусунда чакырдың го»,— дейт ал. Ошондо Эйли Шемуелди Жахаба чакырып жатканын түшүнөт. Анан ага: «Кайра барып жат, эгер дагы чакырса: „Жахаба, сүйлөй бер, кулуң угуп жатат“,— деп жооп бер»,— дейт.

Жахаба дагы чакырганда, Шемуел Эйли айткандай кылат. Кудай ага Эйлини жана балдарын жазалай турганын айтат. Бир нече убакыттан кийин Копни менен Пинехас пелиштиликтер менен болгон согушта өлөт. Аны укканда Эйли жыгылып кетет да, кыр аркасы сынып, каза болот. Жахабанын айткандары ушундайча аткарылат.

Шемуел чоңоюп, Ысрайылдын акыркы башкаруучусу болот. Ал картайганда, эл: «Бизди башкарууга падыша кой»,— дейт. Шемуел антүүнү каалабайт, себеби алардын падышасы Жахаба эле. Бирок Жахаба ага элдин талабын аткарууну буйрат.