Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮК

Ысрайылда биринчи падыша шайлангандан тартып Бабыл туткунуна чейин

Ысрайылда биринчи падыша шайлангандан тартып Бабыл туткунуна чейин

Шабул Ысрайылдын биринчи падышасы болот. Бирок Жахаба аны четке кагып, ордуна Дөөттү тандайт. Бул бөлүктөн Дөөт жөнүндө көп нерселерди билебиз. Өспүрүм кезинде ал Голийат аттуу алпты өлтүрөт. Кийинчерээк көралбас Шабул падышадан качууга аргасыз болот. Анан сулуу Абигейил аны туура эмес иш кылуудан сактап калганын окуйбуз.

Атасы Дөөттүн ордуна падыша болгон Сулайман жөнүндө да көптү билебиз. Ысрайылдын биринчи үч падышасынын ар бири 40 жылдан башкарат. Сулайман өлгөндөн кийин, Ысрайыл түндүк жана түштүк падышалыгына бөлүнүп кетет.

Он урууну камтыган түндүк падышалыгы 257 жыл тургандан кийин, аны ашурлуктар кулатат. Андан 133 жыл өткөн соң, эки уруудан турган түштүк падышалыгы да кыйрайт. Бабылдыктар ысрайыл элин туткунга алып кетет. Ошентип, ТӨРТҮНЧҮ бөлүктө 510 жылдын ичинде болуп өткөн маанилүү окуялар баяндалат.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

56-АҢГЕМЕ

Шабул — Ысрайылдын биринчи падышасы

Кудай башында Шабулду Ысрайыл элине падыша кылып тандап алган, бирок кийин четке каккан. Шабулдун катасынан кандай сабак алсак болот?

57-АҢГЕМЕ

Кудай Дөөттү тандайт

Кудай Дөөттүн эмнесине көңүл бурган?

58-АҢГЕМЕ

Дөөт менен Голийат

Дөөткө Голиатты жеңгенге салмоордон алдан канча күчтүү бир нерсе жардам берген.

59-АҢГЕМЕ

Эмне үчүн Дөөт качууга аргасыз болот?

Шабул падыша башында Дөөттү жактырган. Бирок кийин аны өлтүргүсү келе баштаган. Эмне үчүн?

60-АҢГЕМЕ

Абигейил жана Дөөт

Күйөөсү акылсыз киши болсо да, Абигейил анын өмүрүн сактап калган.

61-АҢГЕМЕ

Дөөт падыша болот

Дөөт бир нерсе кылуудан баш тартат. Ошол иши анын Ысрайылга падыша болгонго татыктуу экенин далдилген.

62-АҢГЕМЕ

Дөөттүн үйбүлөсүн баскан каргашалар

Дөөттүн күнөөсүнүн айынан өзү да, үйүндөгүлөрү да бир топ жылдар бою азап чегет.

63-АҢГЕМЕ

Акылдуу Сулайман падыша

Падыша ымыркайды чын эле кылыч менен экиге бөлдүрүп таштайбы?

64-АҢГЕМЕ

Сулайман ийбадаткана курат

Сулайман абдан акылдуу болсо да, бара-бара акылсыз иштерди кыла баштайт.

65-АҢГЕМЕ

Падышалык бөлүнөт

Жаробам падыша элди Кудайдын мыйзамын бузууга түртөт.

66-АҢГЕМЕ

Каардуу ханыша Изебел

Бул каардуу ханыша, кандай жол менен болбосун, каалаганына жетчү.

67-АҢГЕМЕ

Жошапат Жахабага таянат

Согушка аттанган жоокерлердин алдында эмне үчүн куралы жок ырчылар баратышат?

68-АҢГЕМЕ

Тирилтилген эки бала

Кимдир бирөөлөр өлгөн адамдарды тирилткен учурлар болду беле? Ооба, болгон!

69-АҢГЕМЕ

Аскер башчыга жардам берген кыз

Кичинекей кыздын кайраттуулугунун аркасында керемет болгон.

70-АҢГЕМЕ

Жунус жана чоң балык

Жунус Жахабанын тилин алууга байланыштуу маанилүү нерсеге үйрөнөт.

71-АҢГЕМЕ

Кудай бейиш болорун убадалайт

Алгачкы бейиш жердин кичинекей эле бөлүгүндө болгон, ал эми келечекте бүт жер жүзү бейишке айланат.

72-АҢГЕМЕ

Кудай Хиския падышага жардам берет

Бир түндө эле периште ашурлуктардын 185 000 жоокерин кырып салат.

73-АҢГЕМЕ

Ысрайылдын акыркы жакшы падышасы

Жошия жаш болсо да, эр жүрөк болгон.

74-АҢГЕМЕ

Эржүрөк адам

Жеремия өзүн пайгамбар болууга өтө эле жашмын деп эсептеген, бирок Кудай ага ишенген.

75-АҢГЕМЕ

Туткунда жүргөн төрт өспүрүм

Ата-энесинен алыс жүрүшсө да, алар Кудайга ишенимдүү болушкан.

76-АҢГЕМЕ

Иерусалим талкаланат

Эмне үчүн Кудай бабылдыктарга Иерусалимди талкалаганга жол берген?