Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

56–БӨЛҮМ

Шабул — Ысрайылдын биринчи падышасы

Шабул — Ысрайылдын биринчи падышасы

КАРАЧЫ, Шемуел бул кишинин башына май куюп жатат. Мурун адамдын падыша болорун көрсөтүү үчүн ушундай кылышчу. Жахаба Шемуел пайгамбарга Шабулдун башына май куюуну буйрат. Ал — өзгөчө, атыр жыттуу май.

Шабул өзүн падыша болууга татыксыз эсептейт. Ал Шемуелге: «Мен Ысрайылдын эң кичине болгон Бенжемин уруусунанмын. Эмнеге мени падыша болосуң деп жатасың?» — дейт. Шабул Жахабага өзү жөнүндө жогору ойлобогону үчүн жагат. Ошондуктан Кудай аны падыша болууга тандайт.

Бирок Шабул кедей же бою кичинекей адам эмес. Ал — бай үйбүлөдө чоңойгон, келбеттүү, узун бойлуу жигит. Ал башка ысрайылдыктардын баарынан отуз сантиметрдей узун. Ошондой эле Шабул кыйын чуркайт жана абдан күчтүү. Эл Жахабанын аны падыша кылып дайындаганына сүйүнүп: «Жашасын падыша!» — деп кыйкырат.

Ысрайылдын душмандары мурдагыдай эле күчтүү жана аларды дагы эле эзип келишет. Шабулдун падыша болгонунан көп өтпөй, амондуктар анын элине кол салат. Бирок Шабул көп киши чогултуп, аларды жеңет. Ошондуктан эл ушундай падышасы бар экенине кубанат.

Бир нече жылдын ичинде ысрайылдыктар Шабулдун жетекчилиги астында көптөгөн душмандарын жеңет. Аларды жеңүүгө анын Жонатан деген эржүрөк уулу да жардам берет. Пелиштиликтер дагы деле ысрайыл элинин айыгышкан душмандары болуп саналат. Бир күнү миңдеген пелиштиликтер аларга каршы согушка чыгат.

Шемуел Шабулга өзү келип, Жахабага курмандык же тартуу алып келмейинче күтүп турууну буйрат. Бирок ал көпкө чейин келбейт. Ошондо Шабул пелиштиликтер согуш баштап иет деп корккондуктан, өзү курмандык чалат. Шемуел келип, аны тил албай койгону үчүн айыптайт жана: «Жахаба Ысрайылга башка падыша тандайт»,— дейт.

Кийин Шабул дагы тилалбастык көрсөтөт. Ошондо Шемуел: «Жахабанын алдында эң жакшы кой алып келгенден көрө баш ийүү артык. Сен Жахабанын тилин албай койгондуктан, Ысрайылга падыша болбойсуң»,— деп айтат.

Биз мындан өзүбүзгө сабак алсак болот. Бул окуя Жахабага дайыма тил алуу канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле Шабулдай болгон жакшы адам да бара-бара өзгөрүп, жаман болуп кетиши мүмкүн экенин билдик. Эч качан жаман адам болгубуз келбейт, чынбы?

1 Шемуел 9—11-бөлүмдөр; 13:5—14; 14:47—52; 15:1—35; 2 Шемуел 1:23.