Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

57–БӨЛҮМ

Кудай Дөөттү тандайт

Кудай Дөөттү тандайт

КАРАСАҢ, бул бала козуну сактап калды. Аюу аны жегени алып кетип бараткан. Бирок бала аны кууп жетип, козуну оозунан жулуп алат. Аюу эки аяктап тура калганда, бала аны жыгып, өлтүрүп салат. Дагы бир жолу ал койду арстандан куткарып калат. Эржүрөк бала бекен? Анын ким экенин билесиңби?

Ал — Бейт-Лехем деген шаарда жашаган Дөөт. Анын чоңатасы — Обейт. Ал Бууз менен Руттун баласы болгон. Алар тууралуу окуганыбыз эсиңдеби? Ал эми Дөөттүн атасынын аты — Жышай. Дөөт атасынын койлорун кайтарат. Ал Жахаба Шабулду падыша кылып шайлагандан 10 жыл өткөндөн кийин төрөлөт.

Бир күнү Жахаба Шемуелге: «Өзгөчө майдан алып, Бейт-Лехемдеги Жышайдын үйүнө бар. Анын уулдарынын бирин падыша кылууга тандадым»,— дейт. Шемуел Жышайдын тун уулу Элийапты көргөндө: «Жахаба тандаган адам ушул»,— деп ойлойт. Бирок Кудай ага: «Анын өңүнө, боюна караба. Падыша кылууга аны тандаган жокмун»,— деп айтат.

Жышай Шемуелге Аминадап деген баласын алып келет. Бирок Шемуел: «Жахаба муну тандаган жок»,— дейт. Анан Шаманы алып келет. «Жахаба муну да тандаган жок»,— дейт Шемуел. Ошентип, Жышай ага жети уулун алып келет, бирок Жахаба алардын бирин да тандабайт. Анда Шемуел: «Балдарыңдын баары ушул жердеби?» — деп сурайт.

«Дагы эң кичүүсү бар. Ал кой кайтарып жүрөт»,— дейт Жышай. Дөөттү чакырып келишкенде, Шемуел анын сүйкүмдүү экенин көрөт. Жахаба: «Мына ушуну майла»,— дейт. Шемуел айтканды аткарат. Ошентип, убагы келгенде Дөөт Ысрайылга падыша болот.