Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

59–БӨЛҮМ

Эмне үчүн Дөөт качууга аргасыз болот?

Эмне үчүн Дөөт качууга аргасыз болот?

ДӨӨТ Голийатты өлтүргөндөн кийин, Ысрайылдын аскер башчысы Абенер аны Шабулга алып келет. Падыша аны аябай жактырып, аскер башчы кылып дайындайт. Ошентип, Дөөт падыша сарайында жашап калат.

Кийинчерээк ысрайыл аскерлери пелиштиликтерди жеңип келатканда, аялдар: «Шабул миңди жеңсе, Дөөт он миңди жеңди!» — деп ырдашат. Падышанын буга ичи күйөт, анткени ага караганда Дөөт көбүрөөк даңкталып жаткан. Бирок анын уулу Жонатандын ичи тарыбайт. Ал Дөөт экөө бири-бирин абдан жакшы көрөт. Ошондуктан алар дайым дос болууга ант беришет.

Дөөт арфада абдан сонун ойночу. Шабул аны укканды жакшы көрчү. Бирок бир күнү падыша көралбастыгынын айынан жаман ишке барат. Арфада ойноп отурган Дөөткө ал: «Мен сени дубалга кадайм!» — деп, ага найзасын ыргытат. Дөөт буйтап кеткендиктен, найза тийбей калат. Кийин падыша найзасын дагы ыргытат, бирок анда да тийбейт. Дөөт сак болуу керек экенин түшүнөт.

Шабулдун убадасы эсиңдеби? Ал Голийатты өлтүргөн кишиге кызын бермек. Падыша Дөөткө Михал аттуу кызын берерин, бирок алгач ал 100 пелиштиликти өлтүрүп келиши керектигин айтат. Чынында, Шабул пелиштиликтер аны өлтүрөт деп үмүттөнөт. Бирок ою ишке ашпай калып, падыша айласыздан Дөөткө кызын берет.

Күндөрдүн биринде Шабул Жонатан менен кызматчыларына Дөөттү өлтүргүсү келип жатканын айтат. Жонатан атасына: «Ага тийбе. Ал сага эч жамандык кылган жок го. Тескерисинче, чоң жардам берип келатпайбы. Өз өмүрүн тобокелге салып, Голийатты өлтүргөнүн көрүп сен да кубанбадың беле»,— дейт.

Шабул баласынын айтканына көнүп, Дөөткө жамандык кылбаарын убадалайт. Андыктан Дөөт падышанын үйүнө кайтып келип, мурункудай кызмат кыла баштайт. Бирок бир күнү арфада ойноп отурганда, Шабул аны көздөй найзасын дагы ыргытат. Дөөт буйтап кетип, найза тамга сайылат. Бул үчүнчү жолкусу эле. Эми Дөөт качуу керектигин түшүнөт.

Ошол түнү ал өз үйүнө кетет. Бирок Шабул аны өлтүрүүгө кишилерин жиберет. Михал атасынын мындай жаман ою бар экенин билгендиктен күйөөсүнө: «Эгер ушул түнү качпасаң, эртең өлөсүң»,— дейт. Анан түндө ага терезе аркылуу качып кеткенге жардам берет. Ошентип, Шабулдун колуна түшпөө үчүн, Дөөт жети жылдай ар кайсы жерде жашынып жүрүүгө аргасыз болот.