Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

60–БӨЛҮМ

Абигейил жана Дөөт

Абигейил жана Дөөт

ДӨӨТТҮН алдынан чыккан бул сулуу аялдын ким экенин билесиңби? Ал — Абигейил деген акылдуу аял. Бир жолу ал Дөөттү жаман иш кылуудан сактап калат. Бул окуя тууралуу билерден мурун, Дөөттүн кандай жагдайга туш болгонун көрөлү.

Дөөт Шабулдан качып, үңкүрлөрдө жашынып жүрөт. Анын жанында биртуугандары менен үйбүлөсүнөн сырткары дагы төрт жүзгө жакын адам бар. Өзү — аларга башчы. Дөөт Мааптын падышасына келип: «Эмне болорумду билгенче, ата-энем бул жерде тура турсунчу»,— деп суранат. Өзү болсо кишилери менен тоого жашынганы кетет.

Ушундан кийин Дөөт Абигейилге жолугат. Абигейилдин күйөөсү бай адам болгон. Анын 3000 кою жана 1000 эчкиси бар эле. Бирок ал сараң болчу. Абигейил болсо чырайлуу жана туура иш кыла билген аял эле. Бир күнү ал үйбүлөсүн сактап калат. Кел, ушул тууралуу окуп көрөлү.

Дөөт кишилери менен Набалга жакшылык кылып, койлорун коргоого далай жолу жардам берет. Күндөрдүн биринде ал кишилерин Набалдан тамак-аш сурап келүүгө жиберет. Алар келгенде, Набал жардамчылары менен кой кыркып жаткан болот. Ал күнү майрамдагыдай түркүн тамак-аш даярдалган эле. Дөөттүн кишилери: «Биз сага жакшылык кылганбыз. Сенин койлоруңдун бирине да тийбей, аларды кайтарганга жардам бергенбиз. Эми бизге бир аз тамак берчи»,— дешет.

Набал аларга: «Силердей кишилерге тамак бербейм»,— деп орой мамиле кылат да, Дөөт жөнүндө жаман сөздөрдү айтат. Тигилер Дөөткө келип, эмне болгону тууралуу айтып беришет. Ошондо анын ачуусу келип: «Кылычыңарды алгыла!» — деп буйрат. Алар Набалды жана анын кишилерин өлтүрүүгө жөнөшөт.

Набалдын сөздөрүн уккан бир кул Абигейилге болгон иштин баарын айтып берет. Абигейил ошол замат тамак-ашын эшектерге жүктөп алып, жолго чыгат. Дөөттү көргөндө эшектен түшөт да, ага таазим этип: «Мырзам, менин күйөөм Набалга көңүл бурба. Ал — акылсыз адам жана акылсыз иштерди кылат. Бул тартууну кабыл алып, болгон иш үчүн бизди кечир»,— деп жалбарат.

Анда Дөөт: «Сен акылдуу аял экенсиң. Мени Набалды өлтүрүүдөн, анын жамандыгы үчүн өч алуудан сактадың. Эми үйүңө тынчтык менен бара бер»,— дейт. Кийин Набал өлгөндө, Абигейил Дөөттүн аялдарынын бири болуп калат.