Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

61–БӨЛҮМ

Дөөт падыша болот

Дөөт падыша болот

ШАБУЛ Дөөттү колго түшүрүүгө кайра аракет жасайт. Ал 3000дей мыкты жоокерин алып, аны издеп чыгат. Дөөт бул тууралуу укканда Шабулдун өз адамдары менен кайсы жерге түнөй турганын билип келүүгө тыңчыларын жиберет. Анан эки жоокеринен: «Шабулдун кошуунуна мени менен кимиңер барасыңар?» — деп сурайт.

«Мен барам»,— дейт Абышай. Ал Дөөттүн Серуя деген эжесинин уулу болчу. Шабул адамдары менен уктап жатканда, экөө кошуунга сойлоп киришет да, анын баш жагындагы найза менен суу куюлуучу идишин алышат. Баары катуу уктап калгандыктан, аларды эч ким көрбөйт да, укпайт.

Дөөт менен Абышайды карасаң. Алар кошуундан кетип, тоонун чокусуна чыгышат. Анан Дөөт Ысрайылдын аскер башчысына: «Абенер, эмне үчүн мырзаңды жакшы кайтарбайсың? Баш жагында турган найзасы менен идиши кана?» — деп кыйкырат.

Шабул ойгонуп кетет. Ал Дөөттүн үнүн таанып: «Бул сенсиңби, Дөөт?» — деп сурайт. Кийинки беттен Шабул менен Абенердин сүрөтүн көрдүңбү?

Дөөт Шабулга: «Ооба, падышам»,— деп жооп кайтарат. Анан: «Мени эмне үчүн колго түшүргүң келип жатат? Мен эмне жамандык кылдым? Мырзам, мына найзаң. Жигиттериң келип, алып кетсин»,— деп айтат.

«Ооба, менин кылганым туура эмес. Мен акылсыз иш кылып жатам»,— дейт Шабул. Анан Дөөт өз жолу менен кетет, Шабул болсо үйүнө кайтат. Дөөт: «Акыры бир күнү Шабул мени өлтүрөт. Андан көрө Пелишти жерине качып кетейин»,— деп ойлонот. Ошентип, ал жакка кетет. Дөөт өзүн пелиштиликтердин тарабына өткөндөй кылып көрсөтүп, аларды ишендирип коёт.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин пелиштиликтер ысрайыл элине каршы согушка чыгат. Ал согушта Шабул да, Жонатан да өлөт. Дөөт буга аябай кайгырып, аларды жоктоп ыр чыгарат. Ал: «Бир боорум Жонатан, сен үчүн аза күтөм. Сен мен үчүн абдан кымбат элең»,— деп ыйлайт.

Андан кийин Дөөт Ысрайылдагы Хеброн шаарына кайтып келет. Ал жакта анын падыша болушун каалагандар менен Шабулдун Ишпошет аттуу уулун падыша кылгысы келгендердин ортосунда согуш жүрөт. Дөөттүн адамдары жеңип чыгып, ал отуз жашында такка отурат. Дөөт Хеброндо жети жарым жыл башкарат. Ал жерден анын Амнон, Абышалом жана Адония деген уулдары төрөлөт.

Бир канча убакыт өткөн соң, Дөөт адамдары менен Иерусалим деген кооз шаарды басып алууга чыгат. Ал согушта Дөөттүн Серуя деген эжесинин дагы бир уулу — Жойап — жетекчилик кылат. Ошон үчүн Дөөт аны кийин аскер башчысы кылып дайындайт. Эми Дөөт падышалыгын Иерусалимде жүргүзөт.