Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

62–БӨЛҮМ

Дөөттүн үйбүлөсүн баскан каргашалар

Дөөттүн үйбүлөсүн баскан каргашалар

ДӨӨТ Иерусалимде башкара баштаганда, Жахаба аны душмандары менен болгон салгылаштарда көп жолу жеңишке ээ кылат. Жахаба Канаан жерин ысрайылдыктарга берүүнү убада кылган эле. Эми анын жардамы менен ысрайыл эли ал жердин баарын басып алды.

Дөөт — жакшы падыша. Жахабаны сүйгөндүктөн ал Иерусалимди каратып алары менен ал жакка Жахабанын келишим сандыгын алып келет. Анан аны жайгаштыруу үчүн ийбадаткана курууну ниет кылат.

Бир нече жыл өткөндөн кийин Дөөт чоң күнөө кетирет. Ал башка бирөөгө таандык нерсени алуу туура эмес экенин билген. Анткен менен бир күнү кечинде сарайынын чатырынан бир сулуу аялды көрүп калат. Анын аты Бат-Шеба эле, ал эми күйөөсү Дөөттүн жоокерлеринин бири Урий болчу.

Дөөт Бат-Шебаны жактырып калгандыктан, аны падыша сарайына алып келүүнү буйрук кылат. Ал кезде күйөөсү согушта эле. Дөөт Бат-Шеба менен жатат, кийин ал аял балалуу болорун билет. Эмне кыларын билбей айласы кеткен Дөөт аскер башчысы Жойапка кат жазат. Ал катында, Урий өлүш үчүн, аны эң катуу салгылаш жүрүп жаткан жерге коюуну буйрат. Урий өлгөндөн кийин, Дөөт Бат-Шебага үйлөнөт.

Анын мындай иш кылганына Жахаба абдан каарданат. Айыбын ачуу үчүн Кудай ага Натан пайгамбарды жиберет. Бул сүрөттө Натандын Дөөттү ашкерелеп жатканы көрсөтүлгөн. Падыша күнөөсүн мойнуна алып, аябай өкүнгөндүктөн, Жахаба аны өлтүрбөйт. Бирок: «Сен ушундай иш кылганың үчүн, үйүңдөн каргаша кетпейт»,— дейт. Айткандай эле болот: Дөөт чоң каргашаларга кабылат!

Адегенде Бат-Шеба төрөгөн бала өлөт. Андан соң Дөөттүн тун уулу Амнон Тамар аттуу карындашын зордуктап салат. Ошондо Абышалом деген уулу абдан ачууланып, Амнонду өлтүрөт. Кийин ал элдин ишенимине кирип, өзүн падыша кылып шайлап алат. Акыр-аягы Дөөт ага каршы согушуп, Абышалом өлтүрүлөт. Ооба, Дөөт көптөгөн каргашаларга дуушар болот.

Ал ортодо Бат-Шеба уул төрөп, атын Сулайман коюшат. Убакыт өтүп, Дөөт карыйт. Ал ооруп жатканда, уулу Адония өзүн падыша кылууга аракеттенет. Ошондо Дөөт Садок аттуу ыйык кызмат кылуучуга Сулаймандын падыша болорун элге көрсөтүү үчүн анын башына май куюуну буйрат. 70 жашка чыгып калган Дөөт көп өтпөй каза болот. Ал кырк жыл башкаргандан кийин, Ысрайылга анын уулу Сулайман падыша болот.