Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

63–БӨЛҮМ

Акылдуу Сулайман падыша

Акылдуу Сулайман падыша

СУЛАЙМАН өспүрүм курагында падыша болот. Ал Жахабаны сүйөт жана атасы Дөөт берген кеңештерге карманат. Жахаба да аны жакшы көрөт, ошондуктан бир жолу түшүнө кирип: «Сулайман, эмне беришимди каалайсың?» — деп сурайт.

Сулайман: «Жахаба Кудайым, мен жашмын, кантип башкаруу керектигин билбейм. Элиңди туура башкарыш үчүн мага акыл бер»,— деп айтат.

Анын суранычы жаккандыктан, Жахаба: «Узун өмүр же байлык сурабай, акыл сураганың үчүн, сага эч кимде жок акылмандыкты, ага кошумча байлыкты, даңкты да берем»,— дейт.

Көп өтпөй Сулайманга көйгөйүн айтып эки аял келет. Алардын бири: «Бул аял экөөбүз бир үйдө турабыз. Мен уул төрөдүм, эки күндөн кийин бул да уул төрөдү. Бир күнү түн ичинде мунун баласы өлүп калат. Анан ал мен уктап жатканда, баламды койнуна алып, өзүнүн өлгөн баласын менин койнума салып коюптур. Ойгонсом эле — бала өлүк, жакшылап карасам, менин балам эмес экен»,— дейт.

Анда экинчиси: «Жок, менин балам тирүү, сенин балаң өлгөн»,— деп айтат. Ага болбой беркиниси: «Жок, өлгөн бала сеники, тирүү бала меники»,— дейт. Ошентип, экөө урушуп-талашышат. Сулайман эмне кылат болду экен?

Ал кылыч алып келүүнү буйрат. Анан: «Баланы экиге бөлүп, бул экөөнө бергиле»,— дейт.

«Жок! Баланы өлтүрбөгүлө, аны буга бергиле»,— деп баланын чыныгы энеси чыркырап жиберет. Беркиниси болсо: «Мага да эмес, сага да эмес; экиге бөлгүлө»,— дейт.

Ошондо Сулайман: «Баланы өлтүрбөгүлө, аны биринчи аялга бергиле. Бул — анын энеси»,— деп айтат. Падыша эненин балага болгон мээрими күчтүү болгондуктан, аман калышы үчүн аны башкага берүүгө да даяр болорун билет. Эл Сулаймандын бул талашты кантип чечкенин угуп, анын падыша болгонуна кубанат.

Сулайман башкарып жатканда, Кудай элине батасын бергендиктен, буудай, арпа, жүзүм, анжир жана башка тамак-аш мол болот. Эл жакшы кийинип, жакшы үйлөрдө жашайт. Баарында бардык нерсе ашыгы менен болот.