Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

64–БӨЛҮМ

Сулайман ийбадаткана курат

Сулайман ийбадаткана курат

ДӨӨТ өлөр алдында Сулайманга Жахабанын ийбадатканасынын чиймесин берет. Аны ага Кудай берген болчу. Сулайман башкаруусунун төртүнчү жылында ийбадаткананы кура баштап, жети жарым жылдан кийин бүтүрөт. Курулуш ишине он миңдеген адамдар катышат. Аны курууда көп алтын жана күмүш сарпталгандыктан, ийбадаткана абдан кымбат имараттардан болот.

Жыйын чатырындай эле, ийбадаткана да эки негизги бөлмөдөн турат. Бирок андагы бөлмөлөр жыйын чатырындагылардан эки эсе чоң. Сулайман ийбадаткананын ички бөлмөсүнө келишим сандыгын, ал эми сырткы бөлмөсүнө жыйын чатырында сакталып келген буюмдарды коёт.

Ийбадаткана курулуп бүткөндө, чоң майрам уюштурулат. Ошондо, бул сүрөттө тартылгандай, Сулайман ийбадаткананын алдында тизелеп алып, тиленет. Ал Жахабадан: «Сени мен курган бул ийбадаткана эмес, асман да, асмандын асманы да батыра албайт. Ошентсе да элиң ушул жайда сыйынганда, кулагыңды сала көр»,— деп суранат.

Падыша тиленип бүтөрү менен, асмандан от түшүп, курмандыкка чалынган малды жалмап кетет. Андан кийин ийбадаткана Жахабадан келген жарыкка толот. Бул Жахабанын тиленүүнү угуп, ийбадаткананы жана Сулаймандын суранычын жактырганын көрсөтөт. Эми эл Жахабага жыйын чатырында эмес, ийбадатканада сыйына баштайт.

Көп жылдар бою Сулайман акылдуу падыша болуп, эл бактылуу жашайт. Бирок ал Жахабага сыйынбаган, бөтөн жерлик көптөгөн аялдарга үйлөнөт. Алардын бири бурканга сыйынып жатканын көрүп турасыңбы? Акыр-аягы аялдары Сулайманды башка кудайларга сыйынууга азгырып кетет. Анын кесепетинде эмне болгонун билесиңби? Сулайман ташбоор падыша болуп, элди кууратат.

Жахаба ага каарданып: «Сенден падышалыкты алып, башкага берем. Бирок аны сенин көзүң тирүү кезде эмес, уулуң башкарган убакта кылам. Анткен менен падышалыкты андан толугу менен тартып албайм»,— деп айтат. Кел анда, Жахаба айткандарын кандайча аткарганын көрөлү.