Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

65–БӨЛҮМ

Падышалык бөлүнөт

Падышалык бөлүнөт

СҮРӨТТӨГҮ кишинин эмне үчүн кийимин бөлүк-бөлүк кылып айрып жатканын билесиңби? Муну ага Жахаба буйруган. Ал — Кудайдын Акия деген пайгамбары. Пайгамбар деген ким экенин уктуң беле? Кудай андай адамга эмне болорун алдын ала айтып турат.

Бул жерде Акия Жаробам менен сүйлөшүп жатат. Жаробам — Сулаймандын кызматчысы. Ал курулуш иштеринин айрымдарын жүргүзүүгө дайындалган. Акия Жаробам менен сүйлөшүп жатып таң калыштуу бир нерсе кылат. Жаңы кийимин чечип, он экиге бөлөт да, Жаробамга: «Онун сен ал»,— дейт. Акия эмне үчүн он бөлүгүн ага берет?

Пайгамбар Жаробамга Кудайдын Сулаймандан падышалыкты алып, он урууну ага берерин айтат. Демек, Сулаймандын уулу Рехабамга эки гана уруу калат.

Сулайман Акиянын эмне дегенин укканда, аябай ачуусу келет. Ал Жаробамды өлтүрүүгө аракет кылат. Бирок Жаробам Мисирге качып кетет. Көп өтпөй Сулайман көз жумат. Ал 40 жылдай башкарган соң, такка уулу Рехабам отурат. Мисирде жүргөн Жаробам Сулаймандын өлгөнүн угуп, Ысрайылга кайтып келет.

Рехабам жаман падыша болот. Ал элге атасы Сулаймандан да жаман мамиле кылат. Жаробам жана бир топ аксакал ага келип, элге аяр мамиле кылууну суранат. Рехабам аларды укмак турсун, элди ого бетер эзет. Ошондо эл Жаробамды он урууга падыша кылып шайлайт, ал эми Бенжемин менен Жүйүт уруусу Рехабамдын кол астында калат.

Жаробам элдин Жахабага сыйынуу үчүн Иерусалимдеги ийбадатканага барышын каалабайт. Ошондуктан эки алтын букачар жасайт. Натыйжада он уруу аларга сыйына баштайт. Көп өтпөй ал жер кылмышкерлик менен зордук-зомбулукка толот.

Эки уруудан турган падышалыктын эли да кыйналып жашайт. Рехабам такка отургандан беш жыл өтө электе, Мисир падышасы Иерусалимге каршы согуш ачат. Ал Жахабанын ийбадатканасындагы байлыктын көбүн алып кетет. Ошондуктан курулуп бүткөнүнөн көп өтпөй ийбадаткана баштапкы кооздугунан ажырайт.