Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

66–БӨЛҮМ

Каардуу ханыша Изебел

Каардуу ханыша Изебел

ЖАРОБАМ өлөт. Ысрайылдын он уруусун андан кийин башкарган падышалар да жаман болот. Алардын эң жаманы — Ахап. Билесиңби, эмне үчүн? Буга биринчи кезекте аялы, каардуу ханыша Изебел, себепкер.

Ал ысрайыл элинен эмес эле. Анын атасы Сидон падышасы болгон. Изебел Баал деген жалган кудайга сыйынчу жана Ахапты да, көптөгөн ысрайылдыктарды да ага сыйынууга көндүргөн. Ал аял Жахабаны жек көргөндүктөн анын далай пайгамбарларын өлтүртөт. Калгандары тоолордо жашынып жүрүүгө аргасыз болот. Изебел каалаган нерсесине жетүү үчүн киши өлтүрүүдөн да кайра тартчу эмес.

Бир күнү Ахаптын аябай көңүлү чөгөт. Изебел андан:

— Эмнеге мынча капаланып жатасың? — деп сурайт.

— Наботтун жообуна. Мен анын жүзүмзарын сатып алайын десем, ал макул болбой койду,— деп жооп берет Ахап.

— Кайгырбай эле кой, мен аны сага алып берем,— дейт Изебел.

Анан Набот жашаган шаардагы атактуу адамдарга кат жазат. Катында мындай деген буйрук берет: «Экижүздүү кишилер: „Набот Кудайга жана падышага акарат келтирди“,— деп жалаа жабышсын. Андан кийин Наботту шаардан алып чыгып, таш бараңга алгыла».

Изебел анын өлгөнүн угары менен Ахапка: «Бар эми, тигинин жүзүмзарын ала бер»,— дейт. Мындай жаман иши үчүн Изебел жазага тартылышы керек, туурабы?

Ошондуктан бир нече убакыттан кийин Жахаба Жейу деген кишини аны жазалоого жиберет. Жейунун келатканын укканда Изебел көзүн боёп, жасанат. Терезеден карап турган Изебелди көргөндө, Жейу падыша сарайында кызмат кылгандарга: «Алдагы аялды жерге ыргыткыла»,— деп кыйкырат. Сүрөттөн көрүп турганыңдай, алар ыргытышат. Ошентип, каардуу ханыша Изебел өлөт.