Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

67–БӨЛҮМ

Жошапат Жахабага таянат

Жошапат Жахабага таянат

БУЛ сүрөттөгү адамдардын кимдер экенин жана эмне кылып жатканын билесиңби? Алар согушка баратышат. Алдыдагы эркектер ырдашууда. Сен: «Ырдап бараткандар эмне үчүн согушка кылычы жана найзасы жок чыгышты?» — деп сурашың мүмкүн. Кел анда, окуп көрөлү.

Жошапат Ысрайылдын эки уруудан турган падышалыгын башкарат. Ал он уруудан турган түндүк падышалыкты Ахап менен Изебел башкарган мезгилде жашаган. Бирок алардан айырмаланып, Жошапат да, атасы Аса да жакшы падышалардан болгон. Ошондуктан эки уруудан турган түштүк падышалыгындагы эл көп жылдар бою жакшы жашайт.

Бирок азыр бир нерседен улам элдин үрөйү учууда. Кабарчылар Жошапатка: «Мааптыктар, амондуктар жана Сеир тоосунда жашагандар көп аскери менен сага кол салганы келатат»,— деп билдиришет. Көптөгөн ысрайылдыктар Жахабадан жардам издеп, Иерусалимге чогулушат. Алар ийбадатканага барышат жана ал жерден Жошапат: «Кудайыбыз Жахаба, биз эмне кылууну билбей жатабыз. Мындай чоң аскерге биздин күчүбүз жетпейт. Бир гана сенден жардам сурайбыз»,— деп жалынат.

Жахаба аларга өзүнүн кызматчысы аркылуу мындай деп жооп берет: «Бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы. Силер согушпайсыңар. Карап гана турасыңар жана Жахабанын силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр».

Эртеси Жошапат элди Жахабага таянууга чакырат. Анан куралдуу аскеринин алдына ырчыларды коёт да, Жахабаны даңктап ырдоону буйрат. Алар согуш талаасына жакындаганда эмне болгонун билесиңби? Жахаба душмандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрөт. Ошондуктан ысрайылдыктар келгенде, душмандардын бири да калбай, кырылып калган болот.

Жошапат Жахабага таянуу менен акылмандык көрсөткөн, чынбы? Биз да ошентсек, акылдуулук кылабыз.