Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

68–БӨЛҮМ

Тирилтилген эки бала

Тирилтилген эки бала

ЭГЕР өлүп калып, кайра тирилсең, апаң кандай сезимде болот эле? Албетте, аябай сүйүнмөк! Бирок өлгөн адам тирилиши мүмкүнбү? Мурда ушундай болду беле?

Сүрөттөгү кишини, аялды жана баланы карасаң. Бул киши — Илияс пайгамбар. Берки экөө — Сарепат шаарында жашаган жесир аял менен анын уулу. Бир күнү бала ооруп калат. Абалы начарлагандан начарлап отуруп, акыры ал өлүп калат. Ошондо Илияс аялга: «Баланы мага бер»,— дейт.

Ал баланы үстүнкү бөлмөгө алып чыгып, өзүнүн төшөгүнө жаткырат. Анан: «О, Жахаба, баланы тирилтип берчи»,— деп тиленет. Бала дем ала баштайт. Илияс аны көтөрүп апасына алып келип: «Карачы! Балаң тирүү!» — дейт. Мына ошондуктан апасы аябай сүйүнүп жатат.

Жахабанын дагы бир белгилүү пайгамбары болгон. Ал Илиястын жардамчысы Элиша эле. Жахаба ал аркылуу да керемет жасайт. Бир күнү Элиша Шунем шаарына келет. Ал жерден бир аял ага көп жакшылык кылат. Кийин ал аял уулдуу болот.

Бала чоңоюп, күндөрдүн биринде талаада иштеп жаткан атасына барат. Бир маалда ал: «Башым! Башым!» — деп ыйлайт. Үйүнө алып келгенде, ал өлүп калат. Апасы катуу кайгырып, Элишаны издеп жөнөйт.

Элиша келип, бала жаткан бөлмөгө кирет. Анан Жахабага тиленип, баланын үстүнө жатат. Бир аздан кийин баланын денеси жылып, ал жети жолу чүчкүрөт. Апасы бөлмөгө кирип, баласынын тирилгенин көргөндө аябай кубанат.

Биздин убакка чейин канчалаган адамдар өлдү. Алардын үйбүлөлөрү, достору кандай гана кайгырышты. Албетте, биз өлгөндөрдү тирилте албайбыз. Бирок Жахаба тирилте алат. Анын миллиондогон адамдарды кантип тирилтери жөнүндө кийинчерээк окуйбуз.