Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

69–БӨЛҮМ

Аскер башчыга жардам берген кыз

Аскер башчыга жардам берген кыз

БУЛ кичинекей кыз эмне тууралуу айтып жатканын билесиңби? Ал жанындагы аялга Элиша деген пайгамбар жана анын Жахабанын жардамы менен кандай кереметтерди жасап жүргөнү жөнүндө айтып берүүдө. Аял ысрайыл элинен болбогондуктан Жахаба жөнүндө эч нерсе билбейт. Бул кыз эмне үчүн анын үйүндө жүрөт? Кел, окуп көрөлү.

Аял сирия элинен болот. Күйөөсү Нааман — Сирия аскеринин башчысы. Сириялыктар ысрайылдык бул кызды туткундап кетишет. Натыйжада ал Наамандын аялына кызмат кылып калат.

Нааман пес оорусу менен ооручу. Мындай жаман ооруга чалдыккан адамдын денесинде жаралар пайда болуп, айрым жерлери чирип түшүп калат. Ошондуктан кыз Наамандын аялына: «Мырзам Ысрайылдагы Жахабанын пайгамбарына барса, ал аны пес оорусунан айыктырмак»,— дейт. Кийинчерээк бул тууралуу аялдын күйөөсү да угат.

Нааман айыгууну абдан каалагандыктан Ысрайылга барууну чечет. Ал жерден Элиша пайгамбардын үйүн табат. Пайгамбар кызматчысын жиберип, Нааманга Иордан дарыясына жети жолу чумкууну айттырат. Буга ачуусу келген Нааман: «Эмне, Ысрайылдын суулары биздикинен жакшы бекен?» — деп кайра артка тартат.

Бирок кызматчыларынын бири: «Мырзам, эгер Элиша сага бир чоң ишти айтса, аны деле кылмаксың да. Анда ал айткандай чумкуп койсоң эмне болот?» — дейт. Нааман анын айтканына көнүп, Иорданга жети жолу чумкуйт. Ошо замат айыгып, денеси таптаза болуп калат.

Нааман кандай гана кубанат! Ал кайра Элишага келип: «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин мен эми билдим. Бул белектеримди кабыл ал»,— деп суранат. Элиша болсо: «Жок, мен буларды албайм»,— деп айтат. Ал Нааманды Жахаба айыктырганын билгендиктен белектерди алууну туура эмес көрөт. Бирок Гейхази деген кызматчысы аларды алууну каалайт.

Ал Наамандын артынан кууп барат да: «Элиша мени азыр эле келип калган досторуна белек суратып жиберди»,— деп калп айтат. Нааман мунун калп экенин билбегендиктен Гейхазинин сурагандарын берет.

Гейхази үйгө кайтып келгенде, Элиша анын эмне кылганын билген болот. Анткени Жахаба ага муну айтып койгон эле. Ошондуктан Элиша: «Сен ушундай жаман иш кылганың үчүн, Наамандын пес оорусу сага жуксун»,— дейт. Ошо замат айтканы аткарылат.

Биз бул окуялардан эмнеге үйрөнсөк болот? Биринчиден, кичинекей кыздай болуп, Жахаба жөнүндө айтышыбыз керек. Бул жакшы натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Экинчиден, башында текебердик көрсөткөн Наамандай болбой, Кудайдын кызматчыларына баш ийишибиз зарыл. Үчүнчүдөн, Гейхазиге окшоп, калп айтпашыбыз керек. Ыйык Китепти окуп көптөгөн пайдалуу нерселерге үйрөнө алабыз, чынбы?