Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

70–БӨЛҮМ

Жунус жана чоң балык

Жунус жана чоң балык

СУУДАГЫ кишини карасаң. Ал чоң коркунуч алдында турат: аны мынабу балык жутканы жатат. Анын ким экенин билесиңби? Ал — Жунус. Кел, анын мындай жагдайга кандайча кабылганын көрөлү.

Жунус — Жахабанын пайгамбары. Элиша өлгөндөн көп өтпөй Жахаба ага: «Улуу шаар Нинебиге бар. Ал жердеги элдин жаман иштери көбөйдү, сен аларга ошол жөнүндө айт»,— деп буйрат.

Бирок Жунустун баргысы келбейт. Ал Нинебиге эмес, таптакыр башка жакка бара турган кемеге түшүп алат. Жахаба анын мындай иш кылганына ачууланат. Ошон үчүн катуу шамал соктурат. Ал ушунчалык катуу болгондуктан, кеме чөгүп кетчүдөй сезилет. Жүрөктөрү түшкөн кеме айдоочулар кудайларынан жардам сурап жалынышат.

Ошондо Жунус аларга: «Мен асман менен жерди жараткан Жахаба Кудайга сыйынам. Ал мага тапшырма берген эле, мен болсо аны аткарбай качып баратам»,— дейт. Анда тигилер: «Бороон токтошу үчүн, эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашат.

«Мени деңизге ыргыткыла, ошондо ал тынчыйт»,— дейт Жунус. Кеме айдоочулар антүүнү каалашпайт. Бирок бороон күчөй бергендиктен, алар айласыздан Жунусту деңизге ыргытып жиберишет. Ошондо шамал тып басылып, деңиз тынчыйт.

Суунун ичинен аны килейген балык жутуп алат. Бирок Жунус өлбөйт. Ал балыктын ичинде үч күн, үч түн өткөрөт. Жахабаны укпай, Нинебиге барбай койгонуна аябай өкүнөт. Эми ал эмне кылат, билесиңби?

Жахабага кайрылып, жардам сурайт. Ошондо Жахаба бир керемет жасайт: балык жээкке сүзүп барып, Жунусту бүркүп салат. Жунус Жахабанын айтканы боюнча Нинебиге барат. Мындан биз Жахаба эмнени айтса, ошону аткаруу канчалык маанилүү экенин көргөн жокпузбу?

Ыйык Жазмадагы Жунус китеби.