Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

72–БӨЛҮМ

Кудай Хиския падышага жардам берет

Кудай Хиския падышага жардам берет

БУЛ кишинин Жахабага эмне үчүн тиленип жатканын билесиңби? Эмне себептен ал курмандык чалынуучу жайдын алдына каттарды жайып койгон? Анын аты — Хиския. Ал Ысрайылдын эки уруудан турган түштүк падышалыгын башкарат. Азыр анын эли чоң коркунуч алдында турат. Эмне үчүн?

Анткени ашурлуктар мурун он уруудан турган түндүк падышалыгын талкалашкан болчу. Буга Жахаба өзү жол берген, себеби он уруунун эли көптөгөн жаман иштерди жасаган. Эми ашурлуктар эки уруудан турган падышалыкка кол салганы жатышат.

Хиския жаңы эле алардын падышасынан бир нече кат алды. Мына ошол каттарды ал Кудайдын алдына жайып койду. Аларда Жахабага акарат келтирилип, Хискияга багынып берүү буйрук кылынган экен. Ошон үчүн Хиския: «Жахаба, бизди Ашур падышасынан сактай көр, ошондо Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык элдер билишет»,— деп тиленет. Жахаба анын тиленүүсүн угабы?

Хиския, Ысрайылдын он уруусунун падышаларынан жана атасы Ахаздан айырмаланып, жакшы падыша. Ал Жахабанын бардык осуяттарын аткарат. Ошондуктан тиленип бүтөрү менен, Жахаба ага Ышайа пайгамбар аркылуу: «Ашур падышасы Иерусалимге кирбейт. Анын жоокерлеринин бири да жакын жолобойт. Шаарга бир да жебе атылбайт»,— деп айттырат.

Бул беттеги сүрөттү карасаң. Өлүп жаткан жоокерлер кимдер экенин билесиңби? Алар — ашурлуктар. Жахаба жиберген периште бир түндө алардын 185000 жоокерин өлтүрөт. Ал эми падышасы жеңилгенин көрүп, үйүнө кайтат.

Ошентип, эки уруудан турган падышалык талкаланбай, эли бир канча убакытка чейин тынчтыкта жашайт. Бирок Хиския өлгөндөн кийин, такка анын уулу Менаше отурат. Ал да, анын уулу Амон да жаман падыша болот. Ошондуктан өлкөдө зордук-зомбулук, кылмышкерлик кайрадан көбөйөт. Амон падышаны өзүнүн кулдары өлтүрөт. Андан кийин эки уруудан турган падышалыкты анын уулу Жошия башкарат.