Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

76–БӨЛҮМ

Иерусалим талкаланат

Иерусалим талкаланат

НЕБУХАДАНАСАР падышанын ысрайыл элинен билимдүү адамдарды тандап, Бабылга алып кеткенине он жылдан ашты. Эми эмне болуп жатканын карачы! Иерусалим өрттөнүүдө. Ал эми аман калган ысрайылдыктар Бабылга туткундалып баратат.

Эсиңдеби, Жахаба пайгамбарлары аркылуу элге жаман иштерин токтотушпаса ушундай болорун көп жолу эскерткен. Бирок ысрайыл эли укпай койгон. Алар Жахабага эмес, жалган кудайларга сыйына беришкен. Ошондуктан жазаланууга тийиш эле. Муну биз Кудайдын Жезекиел деген пайгамбары жазган китептен билебиз. Анда элдин кандай жаман иштерди жасаганы тууралуу айтылат.

Жезекиелдин ким болгонун билесиңби? Ал Иерусалим бул чоң кыйроого учураганга чейин 10 жылдай мурун Небухаданасар падыша тандап кеткен өспүрүмдөрдүн бири болгон. Даниел менен анын үч досу Шадрах, Мейшах жана Абет-Него да Бабылга ошол кезде алынып кеткен.

Жезекиел ал жакта жүргөндө, Жахаба ага Иерусалимдеги ийбадатканада кандай жаман иштер жасалып жатканын аян аркылуу көрсөтөт. Өзү Бабылда болсо да, ал Жахабанын жардамы менен ийбадатканада эмнелер болуп жатканын көрөт. Анын төбө чачы тик турат.

«Адамдардын ийбадатканада кылып жаткан жийиркеничтүү иштерин, жыландар менен башка жаныбарлар тартылган дубалдарды жана ысрайылдыктардын аларга сыйынып жатканын карачы»,— дейт Жахаба Жезекиелге. Ал көргөндөрүнүн баарын жазат.

Кудай андан: «Ысрайылдын аксакалдары жашыруун эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы?» — деп сурайт. Жезекиел аларды көрүп турган. Ал 70 киши жалган кудайларга сыйынып: «Жахаба бизди көрбөйт. Ал бул жерди таштап кетти»,— деп жатышкан.

Анан Жахаба ийбадаткананын түндүк дарбазасы тарапта отурган бир нече аялды көрсөтөт. Алар Тамуз деген жалган кудайга табынып жатышкан. Андан кийин Жезекиел ийбадаткананын кире беришиндеги 25 чакты кишини көрөт. Алар чыгышты карап, күнгө сыйынып жатышкан эле.

Жахаба: «Бул эл мени урматтабай калды. Жаман иштерди кылганы аз келгенсип, аларды менин ийбадатканамда жасап жатышат!» — дейт. Анан: «Алар менин каарымдын күчүн көрүшөт. Кыйроого учурашканда, Мен аларды аябайм»,— деп айтат.

Кудай Жезекиелге ушуларды көрсөткөндөн үч жылдай өткөндө, ысрайыл эли Небухаданасарга каршы көтөрүлүш чыгарат. Ошондо ал согуш ачат. Бир жарым жылдан кийин бабылдыктар Иерусалимдин дубалдарын талкалап, шаарды өрттөшөт. Көптөрү өлтүрүлсө, далайлары Бабылга туткунга алынып кетет.

Эмне үчүн Жахаба ысрайылдыктардын ушундай кыйроого учурашына жол берген? Себеби алар аны укпай, мыйзамдарын аткарбай коюшкан. Бул окуя Кудайдын айткандарын дайым аткаруу канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.

Алгач кээ бир ысрайылдыктарга өз мекенинде калууга уруксат берилет. Небухаданасар аларга Гедалия аттуу жүйүттү башчы кылып коёт. Бирок ысрайылдыктардын арасынан бир нече киши ага каршы чыгып, өлтүрүп салышат. Эл бабылдыктар келип, бул жаман иш үчүн жазалайт деп корккондуктан Мисирге качышат. Өздөрү менен кошо Жеремияны зордоп алып кетишет.

Натыйжада Ысрайыл жери ээн калат. Ал жакта 70 жыл бою эч ким жашабайт. Бирок Жахаба 70 жылдан кийин элин кайра өз мекенине алып келүүнү убадалайт. Ал убакка чейин Бабылда жүргөн ысрайылдыктар эмнелерди башынан өткөрүшөт? Кел, окуп көрөлү.