Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮК

Бабыл туткунунан Иерусалимдин дубалы кайра курулганга чейин

Бабыл туткунунан Иерусалимдин дубалы кайра курулганга чейин

Бабыл туткунунда жүргөндө ысрайылдыктардын ишеними көп жолу сыналат. Шадрах, Мейшах жана Абет-Негону күйүп турган мешке ыргытышат, бирок Кудай аларды сактап калат. Кийинчерээк, Бабылды мадайлыктар менен персиялыктар басып алгандан кийин, Даниел арстандар жаткан орго ыргытылат, бирок аны да Кудай куткарып калат.

Акыры Персия падышасы Кореш ысрайылдыктарды бошотот. Бабыл туткунунда туура 70 жыл жүргөндөн кийин алар мекенине кайтып келишет да, Иерусалимде Жахабанын ийбадатканасын кайра курууга дароо киришишет. Бирок көп өтпөй душмандар буга каршылык көрсөтүшөт. Ошондуктан ысрайыл эли Иерусалимге кайтып келгенден ийбадаткана толук курулуп бүткөнгө чейин 22 жыл өтөт.

Мындан сырткары, бул бөлүктөн курулуш иштери бүткөндөн 47 жылдай өткөндөн кийин, ийбадаткананы кооздоо үчүн Иерусалимге Эзранын келгени тууралуу окуйбуз. Андан 13 жыл өткөндөн кийин Иерусалимдин урап жаткан дубалын тургузууга Некемия жардам берет. БЕШИНЧИ бөлүктө жалпы жонунан 152 жылдык тарых камтылат.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

77-АҢГЕМЕ

Алар таазим кылышпайт

Кудайдын мыйзамына баш ийгени үчүн бул үч еврей жигит күйүп турган мешке ыргытылган. Кудай аларды сактап калганбы?

78-АҢГЕМЕ

Кол дубалга жазат

Даниел пайгамбар сырдуу сөздөрдү чечмелеп берет.

79-АҢГЕМЕ

Даниел арстандар жаткан ордо

Даниел өлүм жазасына тартылганы турат. Ал андан качып кутула алабы?

80-АҢГЕМЕ

Кудайдын эли Бабылдан чыгат

Персиянын падышасы Кореш Бабылды басып алганда Ыйык Китептеги бир пайгамбарлык аткарылган. Эми дагы бир пайгамбарлык аткарылат.

81-АҢГЕМЕ

Кудайга таянышкан

Ысрайылдыктар адамдардан коркпой, Кудайга баш ийишкен. Кудай аларга батасын береби?

82-АҢГЕМЕ

Мордохай менен Эстер

Башти ханыша аябай сулуу болчу. Эмне себептен Акашбейрош падыша анын ордуна Эстерди ханыша кылып тандап алган?

83-АҢГЕМЕ

Иерусалимдин дубалы

Дубал курулуп жатканда жумушчулар күнү-түнү колдорунан кылычтарын түшүргөн эмес.