Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

78–БӨЛҮМ

Кол дубалга жазат

Кол дубалга жазат

БУЛ жерде эмне болуп жатат? Бабыл падышасы миңдеген кадыр-барктуу адамдарды конокко чакырып, чоң той өткөрүүдө. Алар Жахабанын Иерусалимдеги ийбадатканасынан алынып келген алтын, күмүш идиштерди колдонушууда. Бир убакта адам колу пайда болуп, дубалга жаза баштайт. Баарынын үрөйлөрү учат.

Ал кезде Небухаданасардын небереси Белшатсар падыша эле. Ал акылман кишилерди алып келүүнү буйрат. «Мына бул жазууну окуп, маанисин түшүндүрүп берген адамга көп белек берилет жана ал падышалыкта үчүнчү башкаруучу болот»,— деп айтат падыша. Бирок акылман адамдардын бири да дубалдагы жазууну окуй да, анын маанисин түшүндүрө да албай коёт.

Чуру-чууну уккан падышанын энеси той өтүп жаткан бөлмөгө кирет. Анан падышага: «Үрөйүңдү учурба. Сенин падышалыгыңда ыйык кудайларды билген адам бар. Чоңатаң Небухаданасар падыша болуп турганда, ал аны акылмандарга башчы кылып койгон. Анын ысмы — Даниел. Ага киши жибер, бул жазуунун маанисин ошол айтып берет»,— дейт.

Ошо замат Даниелди падышага алып келишет. Бардык белектен баш тартып, Даниел Жахаба эмне себептен Белшатсардын чоңатасы Небухаданасарды тактан кулатканын айтат. «Ал абдан текебер болчу,— дейт Даниел.— Жахаба аны ошол үчүн жазалаган».

— Сен да,— дейт ал Белшатсарга,— Небухаданасар менен эмне болгонун билип туруп, текеберденип кеттиң. Сен Жахабанын ийбадатканасынан алынып келген идиштерди колдондуң. Жыгачтан, таштан жасалган кудайларды даңктадың, ал эми Улуу Жаратканды даңктаган жоксуң. Мына ушул себептен Кудай бул сөздөрдү жаздырды.

Бул жерде: «МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ, УПАРСИН»,— деп жазылган дейт Даниел.

Анан маанисин мындайча түшүндүрөт: «МЕНЕ Кудай падышалык кылган күндөрүңдү эсептеп чыгып, аларды аягына чыгарды дегенди билдирет. ТЕКЕЛ деген сөз таразага тартылганыңды жана эч пайдасыз деп табылганыңды туюнтат. ПАРАС болсо падышалыгың мадайлыктар менен персиялыктарга берилгенин билдирет».

Даниел сүйлөп жатканда, мадайлыктар менен персиялыктар Бабылга кол салат. Алар шаарды басып алып, Белшатсар өлтүрүлөт. Дубалда жазылган сөздөр ошол эле түнү аткарылган! Эми ысрайылдыктар эмне болушат? Бул тууралуу дагы окуйбуз, бирок адегенде Даниелдин эмне болгонун көрөлү.