Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

79–БӨЛҮМ

Даниел арстандар жаткан ордо

Даниел арстандар жаткан ордо

ОЙ, КАРАСАҢ! Даниел чоң кырсыкка кабылган окшойт. Бирок арстандар ага тийген жок. Эмне үчүн экенин билесиңби? Даниелди бул орго ким салды? Кел, билели.

Бабылда азыр Дарий аттуу киши падышалык кылып жатат. Ал Даниелди аябай жакшы көрөт, себеби ал боорукер жана акылман. Дарий аны өз падышалыгында башкаруучу кылып коёт. Башкалардын буга ичи тарып, төмөндөгүдөй жаман ишке барышат.

Алар Дарий падышага мындай дешет: «Падыша, биз бир да адам отуз күн ичинде башка кудайга же сенден башка кишиге тиленбеши керек деген мыйзам чыгарышыңды туура көрдүк. Эгер ким бул буйрукту аткарбаса, арстандар жаткан орго салынсын». Дарий алардын мындай мыйзамды эмне себептен каалап жатышканын билбейт. Анткен менен ал сунушту жактырат да, ошондой мыйзам чыгарат. Эми аны өзгөртүүгө болбойт.

Даниел бул мыйзам тууралуу билгенде, үйүнө барып адатынча эле тиленет. Баягы караниет адамдар Даниелдин Жахабага тилене берерин билишкен. Ошондуктан арам ойлору ишке ашчудай болуп жатканына кубанышат.

Дарий падыша ал адамдардын максатын билгенде абдан капаланат. Бирок бекитилген мыйзамды өзгөртө албагандыктан, Даниелди арстандар жаткан орго салдырууга аргасыз болот. Анткен менен Даниелге: «Сен кызмат кылып жүргөн Кудайың сени куткарарына үмүттөнөм»,— дейт.

Дарий абдан капалангандыктан, түнү бою уктабай чыгат. Эртеси эртең менен арстандар жаткан орго чуркап барат. Аны сүрөттөн көрүп турасыңбы? Ал: «Даниел, тирүү Кудайдын кулу! Кызмат кылган Кудайың сени арстандардан сактап кала алдыбы?» — деп кыйкырат.

Даниел: «Кудай өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, алар мага эч зыян келтирген жок»,— деп жооп берет.

Падышанын кубанганын айтпа. Ал Даниелди ордон алып чыгууга, ал эми андан кутулгусу келген караниет адамдарды орго ыргытууга буйрук берет. Ордун түбүнө жете электе эле, арстандар аларга атырылып, сөөктөрү менен кошо чайнап салат.

Андан кийин Дарий өзүнүн падышалыгындагы бүт элине жазуу түрүндө мындай деп кайрылат: «Бардыгыңарга Даниелдин Кудайын урматтоону буйрук кылам. Ал чоң керемет жасады. Даниелди арстандардан сактап калды».