Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

80–БӨЛҮМ

Кудайдын эли Бабылдан чыгат

Кудайдын эли Бабылдан чыгат

МАДАЙЛЫКТАР менен персиялыктар Бабылды басып алгандан бери эки жылдай өттү. Эми эмне болуп жатканын карасаң. Ооба, ысрайылдыктар Бабылдан чыгып баратышат. Алар кантип эркиндикке ээ болушту? Кетүүгө аларга ким уруксат берди?

Персия падышасы Кореш. Ал төрөлгөнгө чейин көп убакыт мурда, Жахаба Ышайа пайгамбар аркылуу бул падыша жөнүндө мындай деп жаздырган: «Сен мен каалаган нерсени аткарасың. Дарбазалар ачык калат, сен шаарды басып аласың». Ооба, Корештин жетекчилиги астында Бабыл курчоого алынат. Түн ичинде мадайлыктар менен персиялыктар ачык калган дарбазалары аркылуу шаарга киришет.

Ышайа Кореш падышанын Иерусалимди жана андагы ийбадаткананы кайра курууга буйрук бере турганы жөнүндө да алдын ала айткан. Кореш ошондой буйрук бергенби? Ооба. Ал ысрайылдыктарга: «Иерусалимге баргыла да, Жахаба Кудайыңардын ийбадатканасын кайра кургула»,— дейт. Эл азыр дал ошол жакка жөнөп баратат.

Бирок Иерусалимге чейин 800 километрдей жол жүрүш керек болгондуктан, Бабылда жашаган ысрайылдыктардын бардыгы эле ал жакка бара албайт. Себеби көбү өтө улгайган же оорулуу эле. Айрымдары дагы башка себептерден улам Бабылда калып калышкан. Кореш Иерусалимге кетпей тургандарга мындай дейт: «Иерусалимди жана ийбадаткананы кайра куруу үчүн бараткандарга күмүш, алтын жана башка тартууларды бергиле».

Ошентип, Иерусалимди көздөй жол тарткандар көп белек алышат. Андан сырткары, Кореш Иерусалим талкаланганда Небухаданасар падыша Жахабанын ийбадатканасынан алып кеткен идиштерди да берет. Эл өзү менен кошо көп буюм алып кетет.

Төрт айга жакын жол жүргөн соң ысрайылдыктар, пайгамбарлыкта кандай айтылса, дал ошол убакта Иерусалимге жетишет. Шаар талкаланып, ээн калгандан туптуура 70 жыл өткөн болот. Ысрайылдыктар мекенине кайтып келишсе да, дагы көп кыйынчылыктарга дуушар болушканын билебиз.